Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Орусияда вагонго коюлган өрттө эки мигрант каза болду


Москва. Өзбекстандык алты мигранттын өмүрүн кыйган өрт. Ноябрь, 2021-жыл.
Москва. Өзбекстандык алты мигранттын өмүрүн кыйган өрт. Ноябрь, 2021-жыл.

Орусиянын Иркутск облусундагы Залари айылында тажикстандык мигранттар жашаган вагон өрттөлүп, эки киши мерт болду.
Облустук прокуратура бул факты “Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен тергеле баштаганын кабарлады.

Орусиялык басылмалар тергөө органдарына шилтеме кылып билдиргендей, 12-ноябрда Залари айылынын тургундары менен мигранттардын ортосунда уруш чыккан. Анын натыйжасында тажикстандык беш мигрант жабыркаган.

Алишер Ширинов.
Алишер Ширинов.

Иркутскидеги тажик диаспорасынын башчысы Алишер Ширинов тажикстандык 15 мигрант окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде вагондо жашаганын билдирди.

Жаңжал болгон түнү вагондо жети мигрант уктап жатканда өрт чыккан. 21 жаштагы Насимжон Саидали менен 19 жаштагы Сирожиддин Амонулло өрттө каза болгону аныкталды.

Шириновдун "Озоди" радиосуна берген маегинде, жаңжал жергиликтүү тургундар эки тажик мигрантын дүкөндүн алдында басынтканда башталганын айтып берди.

“Уруш жергиликтүү жашоочулар айылдагы дүкөн алдында эки тажик мигрантын “чуркалар” деп чакыргандан кийин башталган. Алар орус тилин начар билишкен жана бул сөзгө арданып, досторунун бирине телефон чалышкан. Ортодо жаңжал чыккан. Ошол эле түнү 20-30 киши мигранттар жашаган вагонго келип, аны өрттөп жиберишкен”, - деди Алишер Ширинов.

Ал ошондой эле соцтармактарда билдирүү таратып, тажик мигранттарын өч алуудан оолак болууга чакырды.

Заларидеги вагондогу өрт анда жашаган эки тажик мигрантынын өмүрүн алды.
Заларидеги вагондогу өрт анда жашаган эки тажик мигрантынын өмүрүн алды.

Учурда Иркутскидеги окуяга байланыштуу бир нече жергиликтүү жашоочу жана бир тажикстандык мигрант “жаңжал чыгаруу” шеги менен кармалды. Бул факты боюнча Иркутск шаарынын прокуратурасы "өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Ал арада “Московский комсомолец” басылмасы жаңжал тажик мигранттар жергиликтүү кыздар менен сүйлөшүүгө аракет жасашкандан кийин башталганы аныкталганын жазды.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги болсо “Озоди” радиосуна кырдаалга көз салып жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин маалымдады.

20 жылдан ашуун Орусияда жашаган тажик мигрант Бахром Рафиев, Орусияда ксенофобиянын күчөшү мындай үрөй учурган окуяларга себеп болуп жатканын билдирди.

"Орусиядагы маалымат каражаттары жана социалдык тармактар улутчул чакырыктарга толгон. Мигранттар көчүп келип алып, элдин нанын жеп, кыздарына тийишкен кишилер катары көрсөтүшөт. Бул мигранттарга карата жек көрүү жана нааразычылыкты жаратып келет",- дейт тажикстандык мигрант.

Ал ошондой эле, туура эмес жүрүм-туруму менен жаңжалга түрткү болгон мигранттар да бар экенин эске салды.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Тажикстандын 1 миллиондон ашык жараны Орусияда жашап-иштейт.

Былтыр Орусиядан “Жүк-200” менен 300дөй мигранттын сөөгү мекенине жеткирилген. Андан мурдараак бул көрсөткүч жылына 600-800дү түзүп турган.

Орусияда борбор азиялык мигранттардын өмүрүн алган өрт кырсыктары буга чейин да катталган. 2016-жылы кыргызстандык 14 кыз-келин (жалпы 17 киши), быйыл ноябрда өзбекстандык алты мигрант өрттүн курмандыгы болушту.

Орус жергесинде убактылуу жашап-иштеген мигранттар мындан тышкары ар кандай кодулоо, күч органдарынын басым-кысымына кабылган учурлары да арбын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG