Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Орусияда кул болгон мигранттар Европа сотунан акыйкат издейт


Өзбекстандык Тумар Касимова кызы Бакияны кучактап турат. Аны Москвадагы "Продукты" дүкөнүндө кулчулукта кармап турушкан. Сүрөт — Анна Артемьева, "Новая газета"
Өзбекстандык Тумар Касимова кызы Бакияны кучактап турат. Аны Москвадагы "Продукты" дүкөнүндө кулчулукта кармап турушкан. Сүрөт — Анна Артемьева, "Новая газета"

Адам укуктары боюнча Европа соту 2012-жылы Москвада кулчулуктан куткарылган казакстандык жана өзбекстандык мигранттардын арызын карайт. Беш мигрант аялдын арызы сотко 2016-жылы жөнөтүлгөн.

Биринчи арыз 2016-жылы Казакстандын жарандары эже-сиңди Фатима жана Алия Мусабаевалардан жана Өзбекстандын жарандары Гүлжанар Назанова менен Бакия Касымовадан түшкөн. Экинчи арызды 2018-жылы казакстандык Несибели Ибрагимова жөнөткөн.

Борбор азиялык мигранттардын кулчулукка кабылган окуясы мындан тогуз жыл мурун Москва шаарында катталган. Анда Москванын Гольяново районунда жайгашкан азык-түлүк дүкөнүндө кулчулукта иштеген адамдарды орусиялык активисттер таап чыкканын билдиришкен.

Алар негизинен казакстандык жана өзбекстандык мигранттар болгон. Жалпы жонунан 10 адам табылып, алардын арасында 4 айлык наристе да бар экени кабарланган.

Куткарылгандардын арасында учурда арыздары Европа сотунда каралып жаткан борбор азиялык беш келин да болгон.

Бул аялдар 10 жыл бою кул катары иштегенге мажбур болушканын, качканга аракет кылышканда кармалып, дайыма ур-токмокко, сексуалдык зордукка да кабылышканын айтышты. Эч ким аларга айлык акы да берген эмес.

"Жарандык көмөк" комитети бул окуя боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүп, кулчулуктан куткарылгандарга юридикалык жардам көрсөтүп келет. Комитеттин сайтында мигрант келиндердин тагдыры жазылып, алар көп жылдар бою азык-түлүк дүкөнүнүн жертөлөсүндө иштешкенин, зордукталып, төрөгөнүн бирок балдарын иш берүүчүлөр тартып алган учурларын айтып беришкен.

Учурда аялдардын укугун "Мемориал" укук коргоо борборунун юристтери коргоп жатат. Алар "Жарандык көмөк" комитети менен кызматташып, сот бул иш боюнча Орусияга суроолорду жөнөтөрүн адвокат Иван Новиков жазып чыкты.

"Европанын Адам укуктары боюнча соту Орусияга Адам укуктары жөнүндө Европа конвенциясынын бузулушуна байланыштуу суроолорун жолдойт. Айыпталгандар арыздануучу менен тынчтык келишимин түзүүгө укуктуу. Болбосо иш каралат", - деп жазды Новиков.

Мигранттарды кулчулукта кармаган азык-түлүк түйүнү Москванын Гольяново районундагы Урал, Парк жана Новосибирск көчөлөрүндө жайгашкан. Дүкөндөргө казак тектүү жубайлар жана алардын тууганы ээлик кылган.

Ишкерлер аялдардын документтерин тартып алып, аларды Орусияда эмгек мигранты катары каттоодон баш тартышкан. Бул арада жабырлануучуларга маяна төлөнүп берилген эмес жана дүкөндүн аймагынан чыгуусуна тыюу салынган.

"Дүкөндүн ээлери жана кызматкерлери Казакстан менен Өзбекстандын жарандарын бир нече жылдан бери куугунтуктап, зордуктап, сабап келишкен. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутушкан", - деп "Жарандык көмөк" комитети жазды.

Ошондой эле комитеттин маалыматына караганда, ошол жылдары милиция менен тергөөчүлөр жабырлануучуларды жоопко тартуудан баш тартышкан.

Global Slavery Index докладынын 2018-жылдагы статистикасына ылайык, Орусияда 794 миң кул бар. Кулчулуктун курмандыктарынын саны боюнча бул өлкө дүйнөдө 64-орунда турат. Кулчулук торуна кабылгандар негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган эмгек мигранттары. Аларды курулушта, коммуналдык чарбада жана секс индустриясында күч менен иштетишет.

Ал эми 2021-жылдын тогуз айында Орусияда жалпы 64 кыргызстандык жаран издөөгө алынып, 57синин дайыны табылган. Жоголгон жарандардын 47си быйыл, калган ону мурдагы жылдардан бери издөөдө жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG