Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Нарында кулчулук маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында кулчулукка каршы күрөш боюнча жыйын болуп, ага киши сатууга каршы күрөшкөн мамлекеттик кызматтардын жана жарандык кооомдун өкүлдөрү катышты. Жыйында кыргыз өкмөтүнүн кулчулукка каршы күрөшкө багытталган 2017-2020-жылдардагы программасы, аны ишке ашыруунун чаралары тууралуу сөз болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жардамы менен Нарын шаарында өткөн кулчулукка каршы күрөш боюнча жыйынга жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн жана башка мекемелердин Нарын облусундагы өкүлдөрү катышты.

Алар кулчулукка каршы күрөш жаатында чогуу иш алып барыш үчүн координациялык кеңеш түзмөй болушту. Бул аракетти Нарын шаарындагы "Нуржолбер" өкмөттүк эмес уюумунун жетекчиси Сүйүн Жумалиева колдоорун айтты:

Сүйүн Жумалиева
Сүйүн Жумалиева

- Мага бул иш аябай жакты. Анткени кулчулукка каршы күрөштө биз, өкмөттүк эмес уюмдар, аябай кыйналабыз. Мамлекеттик кызматтардын жардамына муктаж болобуз. Мисалы, мен өткөндө атбашылык бир кишиге жардам бердим. Ал бирөөдөн кордук көрүп, бошонуп келген киши экен. Ооруканага алып барсам алар көрбөй коюшту. "Кайсы жерде каттоосу болсо ошол жерден көрүнсүн" дешти. Жеке менчик клиникаларга, жеке дарыгерлерге көргөзүүгө аргасыз болдум. Бул кеңешмени түзгөнүбүз өзүбүзгө жакшы. Иш алдыга жылат. Кулчулукта жүргөн көп жарандарыбызды ачыкка чыгарганга шарт түзүлөт.

Кулчулукка каршы күрөшкө багытталган иш-чаралар былтыр БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жардамы менен башталган. Быйыл жыйындар өлкөнүн ар бир облусунда жана Ош шаарында 15-майдан 15-июнга чейин өткөрүлүп, Бишкекте жыйынтыкталат.

Мадина Сариева
Мадина Сариева

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы координатору Мадина Сариева координациалык кеңешменин жардамы менен жүргүзүлө турган иштер тууралуу буларды айтты:

- Бул иш-чаранын эң негизги мааниси - кулчулукка каршы күрөшкөн мамлекеттик кызматтар менен жарандык коом өкүлдөрүнүн башын бириктирип, чогуу иш алып баруу. Бул жыйында бардык мамлекеттик органдар өз алдынча иш алып баратканы билинди. Бирок алар өз ишин ушундай кеңири чөйрөдө тегерек үстөлдө талкуулабай эле алып барганы көрүнүп турду. Ошондуктан координациялык кеңеш түзүү маанилүү болуп турат.

Деген менен былтыр "өлкө аймагында кулчулукта жүрдү" деген эки гана жаран расмий аныкталган. Мындай факты ошол адам арыз менен "мен бул же тигил жерде кулчулукта жүрдүм" деп кайрылса гана аныкталат. Башка убакта атайын кызматтар өз алдынча иш жүргүзбөйт. Ошондуктан билим берүү адиси Жылдыз Капарованын пикиринде, кулчулукта жүргөн адамдарды аныкташ үчүн өзүнчө механизм иштеп чыгыш керек:

Жылдыз Капарова
Жылдыз Капарова

- Аныктоонун жолдору татаал. Ар бир эле жаран кайрыла бербейт. Кулчулукка сабатсыз адам барат. Ал эми сабатсыз адам тийиштүү жерлерге кайрылганга дарманы да, күчү да жетпейт. Ошондуктан башка бир механизм ойлоп табыш керек. Анонимдүү билдиреби же кулчулукка кабылган адамдар үчүн атайын борборлор болобу, алар кайрылып тургудай болушу зарыл. Анткени алар түздөн-түз ички иштер башкармалыгынын кеңсесине бара албайт, коркушат. Көбүнесе жаштар каякка барышын билбей эле, тилекке каршы кулчулукка кириптер болуп кете беришет. Сыртка же башка мамлекетке сатылып кеткен кулчулук гана эмес, биздин өлкөнүн аймагында эле канчалаган кулчулук бар. Канчалаган адамдар бирөөнүн малын айлык албай, кордук көрүп багып жүрөт?

Кулчулукту тыюу боюнча өкмөт бир катар мамлекеттик программаларды кабыл алган. Анын ичинде кулчулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү да камтылган.

Расмий маалыматтарда Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылып жүрөт. Ага ылайык, өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылышы боюнча он чакты кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылаарын белгилешет. Былтыр Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, учурда сыртта Кыргызстандын 750 миңден ашуун жараны иштеп, жашап жүрөт. Анын 616 миңи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы 30 миңге жакыны Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон ашаары айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG