Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

УКМК бийликти күч менен басып алууга шек саналгандар кармалганын билдирди


Тинтүүдө табылган куралдар.
Тинтүүдө табылган куралдар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алдын ала жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде 15тен ашык киши кармалганын билдирди. 26-ноябрда атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.

Күч түзүмдөрүнө парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат түшкөн. УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

"Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган", - деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Маалыматта андан сырткары, аталган топ парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарында нааразылык акцияларын уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталганы жазылган.

Атайын кызмат кылмышка шектүүлөр 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, жолугушууларды өткөрүп, массалык баш аламандыктарды чыгарууну пландаганын билдирүүдө. Шектүүлөрдү кармоо учурунда активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана ижарага алган кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка даярдангандыгын тастыктаган материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңги заттары табылганын кабарлады.


Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатат. Тиешеси бар делген мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG