Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Иманкулов шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталганын билдирди


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузган 305 факты катталды.

Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, жалпы фактылардын 117си бирдиктүү реестрге катталса, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу 37 арыз түшкөн.

"Бардык мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдары тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иликтөөлөр жүрүп жатат. Айрым талапкерлер жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында БШКнын чечими боюнча жарыштан четтетилди. Бул шайлоочуларды сатып алуу фактылары кароосуз калбай тургандыгын, мыйзам боюнча катуу чаралар көрүлүп жатканынын көрсөткүчү болуп саналат", - деди штаб башчысы.

Иманкулов штаб мыйзам бузуу фактыларын, анын ичинде административдик ресурсту колдонуунун алдын алууга өзгөчө басым жасалганын белгиледи.


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-ноябрдагы жыйынында Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан талапкерлер Жаныбек Абиров менен Максат Кунакуновго 7500 сомдон айыппул салды. Алар үгүт жарнамаларын билим берүү мекемелерине жакын жайгаштырганы үчүн жамааттык арыз түшкөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жарнамалык материалдар билим берүүчү жана диний мекемелерден 100 метр ары илиниши керек.

Буга чейин да ушул өңдүү мыйзам бузуулардан улам бир катар талапкерлер айыпка жыгылган.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду диплом маселесине байланыштуу, №26 Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкер Камчыбек Жолдошбаевди добуш сатып алуу фактысына байланыштуу жарыштан четтеткен.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 26-ноябрь үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG