Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат


Бишкек. 26-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкек. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибине алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, улуттук коопсуздуктун концепциясын кароо жана энергетикалык коопсуздук маселеси каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышууда.

Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG