Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Өз жанын кыйган Салтанаттын жоголгон каты


Салтанат жанын кыярдын астында аны абысыны менен күйөөсү өлүмгө түрткөнү тууралуу кат калтырган.
Салтанат жанын кыярдын астында аны абысыны менен күйөөсү өлүмгө түрткөнү тууралуу кат калтырган.

Токтогул районунда асынып алган 24 жаштагы кош бойлуу келиндин жакындары иш тергелбей жатканына даттанууда. Милиция бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Күлгүндөй курагында өмүрүн кыйган 24 жаштагы Салтанаттын бир тууган агасы Бакыт Назаралиев карындашынын өлүмүнө күйөөсүн, абысынын жана анын баласын күнөөлүү деп эсептейт.

Ал карындашы асынардан мурда кат жазып, аны Орусияда жашаган жеңесине WhatsApp аркылуу сүрөткө тартып жибергенин, анда "өлүмүнө күйөөсү менен абысыны күнөөлүү экенин" жазып кеткенин белгилөөдө.

"Сен кыз болуп келген эмессиң, намысың жок" деген сөздөрдү айтчу экен. Карындашым артына кат таштап кетпесе, мен сотко кайрылмак эмесмин. Жеңесинин бул сөзүнөн кийин намысым жол бербеди", - деген Бакыт арыз жазуу себебин минтип түшүндүрдү.

"Карындашымды асынып турган жеринен күйөөсү таап, чечип алыптыр. Ошол учурда көргөндөр Салтанат тирүү болгонун айтып жатышат. Алардын айтканына караганда, карындашым күйөөсү чечип алганда окшуп кускан экен. Күйөөсүнүн колун мыкчып жаткан деп айтышты. Менимче, булар аны "болор иш болду" деп көз жаздым кылышкан окшойт. Ошондуктан, милицияга жазган арызымда үчөөнү тең айыптагам. Бирок милиция күйөөсүн гана камады. Берки экөө бош жүрөт. Мага карындашымдын телефонун да бербей коюшту, аны абысынынын баласы катып салган экен. Кийин тергөөчүдө болуп чыкты. "Блокто экен, иштете албай жатабыз" деп шылтоо кылып жатышат. Башында күйөөсүн "Кара-Кечеге кетип калыптыр" деп кармабай жүрүштү. Айлам кетип, прокуратурага кайрылдым да, тергөөчүнү алмаштырдым. Кийинки тергөөчү эки күндөн кийин күйөө баланы убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Карындашым өзү асынганына ишене албай турабыз, сөөктү соттук-медициналык экспертизага беребиз деп Таш-Көмүрдөн келе турган адисти түн киргенче күттүк".


Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

"Карындашымдын сөөгүн көргөндө денесинде көгала тактары бар экен. Аны тергөөчүгө айтсам, "өлүктүн тагы" деп кенебестик кылып койду. Бирок акыркы чекитти соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы коет деп үмүттөнүп атабыз. Беш айлык боюнда баласы болсо, үй-жайы, туугандары турсак, өзү жоолук оронуп, динден кабары бар кыз болсо, жанын кыймак эмес. Курсагындагы эркек бала экен, аны кесарево жолу менен ичинен алып, энесинин кучагында, жерге чогуу койдук".

Салтанаттын артында эки жарым жаштагы кызы калды. Учурда наристе маркумдун агасы Бакыт Назаралиевдин кароосунда.

"Карындашым катында жазып атат, күйөө бала ошол кызды "менден эмес" деп айтчу экен. Бул себептен жана жеңесинин "кыз келген эмессиң" деген сөздөрүнүн өтөсүнө жетүү үчүн мен карындашымдын кайнежелеринен ачык эле, карындашым тууралуу сурадым. Үч эжеси бар, үчөө тең таза келгенин айтышты. Бул жерде кептин баары күйөө бала менен анын жесир жеңесинде болуп жатат. Карындашым мурда да экөөнү кармап алган экен. Убагында эч кимге айта албаптыр".

"Бети-башы көгала болуп жүрчү"

Салтанат сегиз бир туугандын ортончусу болгон. Агасынын айтуусунда апасынын өлүмүнөн кийин, Токтогулдагы үйүндө кичүү иниси, атасы менен чогуу жашашчу. Башка бир туугандары Орусияда, айрымдары Бишкекте жана Жалал-Абадда турат. Быйыл апрелде атасы кайтыш болуп кеткенден кийин Салтанат жалгыз калган инисинин жанында эки айдай жашаган. Келиндин бир тууган сиңдиси Элиза ошондо Салтанаттын бети-башы көгала экенин байкаган.

"Мен сентябрь айында төркүнүмө баргам. Ошол мезгилде ал атамдын үйүндө болчу, мага күйөөсүнө таарынып келгенин айткан. Мен көргөндө эжемдин оозу, бети-башы жарылган болчу, жездеме чалып, "эмнеге мындай кылдыңыз?" десем, "кудай акы, тийген эмесмин" деп моюнуна албай койгон. Жездеме бир канча жолу эскертүү бергенбиз, бирок уккан жок, урганын мойнуна албай кутулуп кетчү".

Элизанын сөзүнө караганда, Салтанат күйөөсү менен абысыны жакын мамиледе экенин байкап калган. Чатактын чыгышына ошол себеп болду деп эсептейт:

"Жездемдин жеңеси менен вотсаптан жазышкандары биздин колубузда турат. Эжем ага чейин деле экөөнү кармап алган экен. Бул тууралуу айтсак, жездем карганып, моюнуна албай койду. Жезде жеңесинин үйүнө кетип калып, келбей койчу экен. Эжем көз ачып көргөнү, ооз ачып өпкөнү ошол эркек болгондуктан, аябай жакшы көрчү. Ошондуктан, басып кете албай койду. Боюнда бар кезинде эжем каттоого да турбаптыр. Курсактагы баланын атасы катары ар кандай анализдерди тапшырууга тийиш болсо, жездем ага да барбай койгон. Эжем жездемдин эч кандай колдоосун көрбөй, аябай чүнчүп кеткен. Абысыны болсо эжемди ар кандай сөздөрдү айтып, басынтып, коркутуп-үркүткөн сөздөрдү жиберип жүрүптүр. Анын баарын эжем өлөрдүн алдында улуу жеңеме вотсаптан жибериптир".

Жоголгон кат

Салтанаттын туугандары ал калтырып кеткен аманат кат да табылбай жатканын айтышууда. Келин кол менен дептердин чакмак барагына жазылган каттын сүрөткө тартылган көчүрмөсүн Орусиядагы жеңесине жиберген. Учурда бир туугандар ошол көчүрмөгө таянып жатышат. Бирок каттын түп нускасы азыр жок болууда. Маркум келиндин агасы Бакыт каттын жоголушуна да күйөө баласын, анын жеңесин жана анын уулун айыптоодо.

Жакындарынын айтымында бул маркумдун акыркы аманат каты.
Жакындарынын айтымында бул маркумдун акыркы аманат каты.

"Жеңеси "катты өзүңөр ойлоп таптыңар" деп жатат. Биз карындашымдын башка жазгандарына салыштырып, текшерип көрдүк. Ал күзүндө бир салаттын рецептин жазган экен, кол жазманы салыштырсак окшош болуп турат. Карындашымдын өлүмүнө күйөө баланы, жеңесин жана анын баласын күнөөлүү деп эсептейм. Анткени, күйөө балам менен жеңесинин вотсаптагы "сүйүү катын" карындашым скриншот кылып, баласына жиберген экен. Баласы карындашымды "өлтүрөм" деп коркутуп жүрүптүр. Карындашымды асынып турган жеринен таап алгандардын ичинде ал бала да бар".

Салтанаттын өлүмүнө тиешеси бардыгы айтылып жаткан адамдар менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Маркум келиндин кайнежеси Салтанат жакшы келин болгонун, аны асынып алат деп эч ким күтпөгөнүн гана айтты:

"Бул окуя биздин гана эмес, балдарыбыздын да жүрөгү аркылуу өтүүдө. "Жеңеңер ушинтип өлгөн турбайбы" деген сөз аларга да сокку болду. Жаркылдаган жакшы келин эле, минтип жанын кыйгандан көрө, ажырашып кетсе деле болмок экен".

Салтанаттын өлүмүнө байланыштуу Токтогул райондук милициясы Кылмыш-жазык кодексинин 136-беренеси ("Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Маркум келиндин күйөөсү кармалып, эки айга камакка алынган.


Милиция бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, арызда аты аталган адамдардын ишке катышын аныктоо иштери жүрүүдө.

"Жабырлануучулар арызда атын атаган бардык эле адамдарды кармап, камоого мүмкүн эмес. Бул иште да маркум менен чогуу жашаган күйөөсү камалды. Тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке башка адамдардын да катыштыгы аныкталып, далилденсе, тиешелүү жаза чегерилет. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, сотко жеткирилип, соттон камалгандар бар. Токтогулдагы келиндин иши биздин көзөмөлдө. Тергөө өз нугунда жүрүп жатат".

Салтанаттын туугандары ал аманат катында айыптарын белгилеп кеткен абысынын жана анын баласын да жоопко тартууну талап кылып, райондук прокуратурага кайрылган. Көзөмөл органы Бакыт Назаралиевдин катына 23-ноябрда жооп берди. Анда келиндин жанын кыйган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы, бул ишке башка адамдардын катышын аныктоо тууралуу милицияга көрсөтмө берилгени тууралуу маалымдалган.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан бери онго жакын келин өз жанын кыйган жана кыюуга аракет кылган. Адистер мындай жагдайга түрткөн себептердин бири катары үй-бүлөлүк чыр-чатакты, ата-эне жана жакындардын түшүнбөстүгүн, социалдык абалды айтып келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG