Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Студентке сексуалдык ыдык көрсөттү делген окуя иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу 2-курстун студентине сексуалдык ыдык көрсөттү делген видео соцтармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууга себеп болду. Ушундан кийин окуу жай жетекчилиги ички иликтөө баштап, мугалимди убактылуу жумуштан четтеткен. Айрым студенттер мугалимди коргоп чыгышты.

Видеодогу кыз мугалимге эч кандай доосу жок экенин, түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтууда. Бул окуя Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук күчөгөнү тууралуу маселе курч коюлуп жаткан учурга туш келди.

Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу факультетинин 2-курсунда окуган студент кыз менен мугалимдин сүйлөшкөнү тартылган тасма өткөн апта аягында интернетке жарыяланып кеткен.

Видеодо мугалим “Сен кайсыл группадасың, 2-курста окуйсуңбу? Сен 18 жашка чыккан экенсиң, сени эмне кылса да болот экен да”, - деп сүйлөп жатканы жана кимдир бирөөлөрдүн мугалимдин айткан сөздөрүн талкууланганын угууга болот.

Бул видеону тартып, тараткан кыз ушул эле университетте 1-курста окуйт. Биз барган учурда кыздын университетти таштап кеткени маалым болду. Деканатта иштегендер "Ал ошол тасма тартылган 16-ноябрь күнү университеттен документтерин алып кетүү үчүн келген болчу" деп маалымдашты.

Видеодо агайынан ыдык көрдү делинген кыз жакында Түштүк Кореяга тажрыйба алмашуу үчүн бармак. Ошол күнү тиешелүү документтерин алуу үчүн мугалимге келген. "Видео кескиленип, кандай шартта таркап кеткенин билбейм" деди ал. Бул окуяда эч кандай ыдык болгон эмес, ал видеону тартып тараткан кыз эле ызы-чуу көтөрдү деп айтып берди.

“Мен агайга справка алуу үчүн киргенимде кайсыл курста окуганымды сурады. Мен 2-курста окуйм дедим. Демек, сен 18 жашка толуптурсуң, өз каалаганынды кылсаң болот деди. Ошол учурда артымдан дагы бир кыз кирди. Ал 1-курста окуйт экен. Менин уруксатым жок эле видеого тартып, ичинен каалаган жерин кескилеп таркатып жибериптир. Эч кандай жаман нерсе болгон жок. Мага агай ыдык көрсөткөн эмес. Эч кандай доом жок“.

Универститет жетекчилиги маалыматтар бир тараптуу жайылып кеткенин айтууда. Ошого карабай окуу жай ички иликтөөгө алуу үчүн мугалимди убактылуу жумушунан четтетип, окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин атайын комиссия иш алып бармай болгон. Бул тууралуу университеттин администрациясынан Назира Ахмедова төмөнкүлөрдү айтты:

“Жетекчилик абал бир жаңсыл болуп иликтенип, ачыкталганга чейин деп мугалимди убактылуу жумуштан четтети. Ички иликтөө аяктаганда эмне болгону аныкталганына жараша чечим чыгарылат. Дароо эле биз студент кызды чакырып сурадык. "Мугалим жашың он сегизге чыккан болсо өзүң чечим кабыл алып, кагаз иштерин бүтүрө алат экенсиң деп айткан" деди. Маалымат бир жактуу болуп, экинчи жактын пикири жок жарыяланып кетти да. Бизде кесиптик бирлик бар. Жаңы келген мугалимдер менен да алдын ала иш-чаралар уюштурулат. Түшүндүрүү чаралары деле болуп турат”.

“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн масштабы боюнча 2019-жылы изилдөө жасаган. Анда көптөгөн аялдар үчүн жыныстык асылуу – бул чыныгы жараат, андан кийин алар өздөрүн коопсуз сезе албай калышары белгиленген.

Сурамжылоого катышкандардын 69% ушундай мүшкүл бар экенин айтышкан. Ар бир төртүнчүсү (23%) жумуш ордунда сексуалдык асылууга кабылганын белгилеген. Ошондой эле ар бир бешинчи (21,9%) студент кыз өзү окуган жогорку окуу жайында жыныстык асылууга кабылганын ачыкка чыгарган.

Конфликтолог, кыз-келиндер укугун коргоп келген адис Асел Азитегин бул учур жөн гана ачыкка чыгып, кайра бир топ факторлор менен жаап-жашырууга аракет болгонун көрсөтүп турат дейт.

Анын пикиринде, сексуалдык асылууга кабылган кыз-келиндер көпчүлүк учурда коомчулук тарабынан терс кабылданып, "уят кылдың", "уят болосуң" дегендей стереотип мындай терс көрүнүштөрдүн жабылуу калышын шарттайт.

“Ушундай абалды эмне үчүн ачык айтылбай, жабылуу бойдон калат дегенде бир топ факторлор бар. Биринчиден, аялдардагы алсыздык, коркуу сезими. Экинчиси, уят деген. Анан ата-энеси деле элге жарыялап, бизди уят кылып жатасың деп айтышы мүмкүн да. Анан бизде коомчулук жабырланган тараптын өзүн күнөөлөйт да. "Кунажын көз кыспаса, бука жибин үзбөйт" деген макалды айтышат. Көпчүлүк учурда кыз-келиндер алсыздыктан, баары бир үнүбүз эч жерге жетпейт, абалды өзгөртө албайм деген сезимдер менен артка кайтышы мүмкүн. Анан бул учурда студенттер эмнеге агайын кайра коргоп жатышат, эмнеге мындай окуя катталды жакшылап иликтеш керек. Видеодон мугалимдин өктөм, ишенимдүү айтканы угулуп турат. Демек, өзүнө ишенимдүү айтып жатат. Анан мындай ыдыктар боюнча атайын кызмат түзүп же бөлүм ачканда эле абал өзгөрүп кетет деп айта албайм. Болгону биздин азыркы укук коргоо кызматкерлерин атайын даярдыктан өткөрүп ушул багытта окутууларды өткөрүш керек”.

Быйыл жай айында эле Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Токоева өзү окуяны сотко чейин жеткирип, башка балдарга сабак болушун кааларын билдирген. Бул окуя Кыргызстанда харассмент темасын күн тартибине чыгарган эле. Харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү.

"Ошол окуя боюнча эч кандай жыйынтык чыккан жок. Экспертиза дайындайбыз деген бойдон калды. Азыр кечкисин үйгө келатканда колума таяк кармап алчу болдум. Менимче, акыркы жылдары көп эле кыздар өзүн мага окшоп коопсуз сезбей калды. Ошондуктан, Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкөгө айланып баратат дегенге кошулам".

Көп өтпөй баш калаада кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өтүп, жыйырмадан ашуун активист кыз-келиндер Ала-Тоо аянтында жүрүш уюштурган.

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. Аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык дүйнөлүк индексте Кыргызстан 97-орунга түштү.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашкан. Статистика көрсөткөндөй алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG