Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Өзбекстанда студент кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген декандын орун басары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Низами атындагы Ташкент педагогикалык университетиндеги декандын орун басары 3-курстун студентине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Шохрух Гиясов билдирди.

"Немолчи" долбоору жарыялаган маалыматка ылайык, 18-октябрда М.К аттуу студент кыз документ маселелери менен декандын жаштар иштери боюнча орун басарына кайрылган. Ал кызга тийишип, сексуалдык ыдык көрсөтө баштаганда, студент кыйкырып жиберген. Кимдир бирөөлөр чуркап келип, кабинеттин эшигин каккылай баштаганда ал кызды терезеден түртүп жиберген.

Студент кыз ооруканага мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынып түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, эртеси эле күнү декандын орун басарына "Зордуктоо жана адамдын саламаттыгына атайлап зыян келтирүү" деген берене менен кылмыш иши козголуп, 23-октябрда камакка алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG