Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

COVID-19: Өкмөт муктаждар үчүн анализди бекер кылуу маселесин карады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус боюнча кырдаал Министрлер кабинетинде талкууланганын бүгүн 28-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөрүп, вакцина алуу керектиги жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы адамдарга ПЧР анализди (коронавирус бар же жогун аныктоо) акы төлөбөстөн же жеңилдик менен тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча сунуштар айтылганы белгилүү болду, бирок кандай чечим кабыл алынганы азырынча кабарлана элек.

Жыйында тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, эмдөө темптери жана билим берүү мекемелериндеги абал боюнча маалымат беришти.

27-октябрда COVAX глобалдык демилесинин алкагында Кыргызстанга алгачкы жолу Phizer вакцинасы (259 миң доза) келди.

Март айында башталган коронавирус эпидемиясы учурунда вирус, расмий маалымат боюнча, 180 миңден ашуун адамга жукту, 2,6 миң адам каза болду.

Эмдөө республиканын бардык аймактарында бекер жүргүзүлүүдө. Каалоочуларда бир нече вакцинанын арасынан бирин тандап эмделүү мүмкүнчүлүгү бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG