Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий жыйынтыкталды


Ангела Меркел
Ангела Меркел

Германиянын канцлери кызматында 2005-жылдан бери иштеген Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий түрдө жыйынтыкталды. Бирок шайланган парламент өкмөттүн курамын аныктаганга чейин ал канцлердин милдетин аткарып турат.

Өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 26-октябрда Меркелге жана анын кабинет мүчөлөрүнө ыйгарым укуктары аяктаганы тууралуу жарлыкты тапшырды.

Германияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өткөн. Аны Олаф Шольц жетектеген Социал-демократтар партиясы утуп чыккан эле. Ангела Меркелдин Христиан-демократтар биримдиги партиясы экинчи орунду алган. Жаңы өкмөттү түзүү жаатында Социал-демократтар учурда "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Ангела Меркел саясатка Берлин дубалы кулагандан кийин келген. 2005-жылдын 18-сентябрында Бундестагда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун соңунда ХДБ/ХСБ блогу жана Социалисттик партия чоң коалициялык келишимге кол коюшкан. Натыйжада, Бундестагдын көпчүлүк добушу менен 51 жаштагы Ангела Меркел Германиянын Федералдык канцлери болуп шайланган. Ошондон бери ал бул кызматта үч мөөнөткө иштеди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG