Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Соттолгон мурдагы бажычы Ражабалиев депутаттыкка талапкер болуп катталды


Нурлан Ражабалиев.
Нурлан Ражабалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажы кызматкери Нурлан Ражабалиевди №2 бир мандаттуу Баткен округунан талапкер кылып каттады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги Ражабалиевдин соттуулугу жоюлганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган.

Ал тергөө менен кызматташып Бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн мамлекетке 12 млн. сом төгүп берген.

Ражабалиев бул иштерди Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу кылганын тергөө аныктаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG