Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

COVID-19: Орусияда кайрадан өлүмдүн көрсөткүчү эң жогорку чекке жетти


Орусиядагы оорукана. Октябрь 2021-жыл
Орусиядагы оорукана. Октябрь 2021-жыл

Орусияда акыркы бир суткада коронавирустан 1 123 киши каза болду. Муну менен бул көрсөткүч кайрадан бир күндүк эң жогорку чекке жетти. Федералдык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бир күндө дагы 36 582 киши илдетти жугузуп алды. Ушу тапта 1,3 миллион орусиялык COVID-19 менен ооруп жатат.

Шейшембиде саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко 13 региондо катаал чектөөлөрдү киргизүү, ооруканаларда керебеттердин санын көбөйтүү зарылдыгын айткан. Маалыматтарга караганда, айрым жерлерде стационарлар толуп, кризис коркунучу тереңдеди. Көп ооруканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болууда.

20-октябрда президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы дем алыш деп жарыялаган. Бирок аны кыскартуу же узартуу чечимин абалга жараша жергиликтүү жетекчилер өз алдынча чече алары маалымдалган.

Орусияда сентябрдын этегинен бери коронавируска кабылгандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатат. Адистер өлкөдө эмдөө иши солгун жүрүп жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG