Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

ИИМ: колунда бар үй-бүлөдө зомбулук жашырылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Академиясында Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча алгачкы чараларды жана милициянын көчмө кабылдамасын координациялоо жөнүндө стратегия иштеп чыгуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуунун алгачкы кадамдарынын бири катары зомбулуктан жабыркагандарды аныктоо жана ыйгарым укуктуу кызматкерлерди окутуу экени белгиленди. Жыйында жакшы жашаган үй-бүлөлөрдүн арасында зомбулук көпчүлүк учурда ачыкка чыкпай калаары айтылды. Зомбулуктан жабыркаган киши үй-бүлөнүн аброюнан чочулап, укук коргоо органдары эле эмес туугандарына дагы айтпай койгон учурда фактыны аныктоо татаалдашат.

Ички иштер министрлиги быйыл үй-бүлөлүк зомбулук 30% көбөйгөнүн билдирген. Соңку учурда аялдарга коомдук жайларда зомбулук көрсөткөн учурлар кездешүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. Алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG