Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Таласта үгүт ишине аралашты делген айыл өкмөтү кызматтан кетти  


Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов кызматтан кетти. Район акими Нургазы Нармырзаев айыл өкмөтү үгүт иштерине аралашканына байланыштуу кызматтан кеткенин “Азаттык” радиосуна ырастады.

"11-ноябрда мага маалымат келген. Айыл өкмөт башчыны чакырып өзүнө көрсөттүм. Ал ошол жерде болгонун, бирок кокустан кошулуп калганын айтты. Бирок мен президенттин талаптарын аткаруу боюнча бир нече ирет баардык кызматкерлерге эскертүү бергем. Ошонун негизинде жумуштан бошоттум", - деди аким.

10-ноябрда Үч-Эмчек айылындагы маданият үйүнүн алдында бир мандаттуу №21 Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп жаткан Эмил Абдыкадыров шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн. Социалдык тармактарда тараган видеодо ал жерде Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов дагы жүргөнү маалым болгон. Окуя боюнча Бактыбек Молдокулов өзү мындай деди.

"Бүгүн кызматтан кеттим. Аким буйрук чыгарды. Айыл өкмөт менен маданият үйү бир имаратта жайгашкан. Мен жумуштан чыгып жатсам, ак сакалдар бата берип жатышыптыр. Ошол бата берип жаткан жерден видеого тартып алышыптыр”, - деди Молдокулов.

Ички иштер министрлиги кээ бир аймактарда административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, териштирилип жатканын билдирди. Ички иштер министрлиги кырдаалды туруксуздаштырууга жол берилбестигин жана тартип бузгандар мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертүүдө. ИИМде жалпы шайлоо эрежесин бузган 73 факты катталган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG