Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:24

Тойканадагы токмок, кордук көргөн кыз-келин


Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунда тойканалардын биринде ур-токмокко кабылган кыздын жакындары милиция шектүүгө кылмыш ишин кеч козгоп, окуя ыкчам тергелбегенин айтып арызданды. Жакында эле күйөөсү аялын көчөдө сабаган видео тарап, ал аялдарга карата зомбулук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Кыргызстанда мындай окуялар жылдан жылга көбөйүп баратат.

Тойканада токмок жеген кыз

Чүй облустук милициясы Аламүдүн районундагы тойкананын биринде ресторандын кызматкерин жаткыра тепкен шектүү 27 жаштагы адам экенин билдирди. Расмий маалыматка караганда, анын иши Жоруктар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен иликтенип жатат жана шектүүгө бул тууралуу кабарлама 10-ноябрда берилди.

Жабырлануучу кыздын эжеси Зарина Байышбекова “Азаттыкка” окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берди. Анын сөзүнө караганда, тойканада фотограф болуп иштеген 19 жаштагы сиңдисин тойго келген адам мас болуп алып эч себепсиз кол көтөргөн. Окуя 25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү болгон жана ошол эле күнү милицияга арыз жазылган. Бирок ишти тергөө кечеңдеп жатат деп нааразы болду.

“Невропатолог, терапевт, окулистке көрсөтүп жыйынтыгын соттук-медициналык экспертизага өткөрүп бергенбиз. Экспертизанын жыйынтыгы 12-октябрда чыгып калышы керек эле. Мен тергөөчүгө чалып кабар алып жаттым. Бирок иш 12-ноябрда гана башталды. Иш эмнеге созулуп атат десек, тергөөчү ооруп жатканы менен түшүндүрдү. Окуя “Майда бейбаштык” деген берене менен териштирилүүдө. Бирок ал жерде сиңдиме кол салуу болгон. Анткени, мас болгон бала чуркап келип күч менен тепкен”.

Тойканада болгон окуя тартылган видео социалдык тармактарга 11-ноябрда чыгып, интернет колдонуучулардын талкуусуна түштү.

Андан кийин Чүй облустук милициясы бул окуя тууралуу түшүндүрмө берип, бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин кыска убакыт ичинде сотко материалдар жиберилерин кабарлады. Шектүү суракка алынып, күнөөсүн толук моюнуна алганы, ал күнү мас экендигин билдирген.

Милиция кызды тепкен кишиге ал “Майда бейбаштык” беренесине шек саналып жатканы тууралуу кабарламаны окуядан эки айга чукул убакыт өткөндөн кийин гана берди.

Мунун алдында Бишкекте көчөдө чаламандын чак түшүндө күйөөсү аялын катуу сабап жатканы тартылган тасма тараган. Аялды кордогон окуя 8-ноябрда түш ченде соода борборлордун биринин жанында болгон. Шектүү катары 28 жаштагы эркек кармалып, факт Жазык кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иликтенүүдө.

Соңку күндөрдө аялдарга карата мындай зөөкүрлүк мамиле 12-ноябрда Бишкекте “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууда көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева маселе көтөрдү.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

“Биз тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, анын аткарылышын көзөмөлдөп, мониторинг кылабыз. Менин пикиримде, дегеле коомдо эмне болуп жатканын терең изилдешибиз керек окшойт. Биз акыркы окуяларды социалдык тармактарда талкуулап бир аздан кийин унутабыз. Жабыр тарткандар болсо ошол маселеси менен калат. Система иштебей жатат”.

Өкмөт кризистик борборлорду колдойт

Ушул эле жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана кыз-келиндерге карата зомбулук маселеси оор экенин билдирди. Анын маалыматы боюнча, быйыл алгачкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон. Ички иштер органдары быйыл 7316 убактылуу коргоо ордер берген. Бул 2020-жылдын жети айына салыштырмалуу 1179 көп.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Президент жана Министрлер кабинети өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине өзгөчө маани берет. Министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын сөз менен эле эмес, иш жүзүндө коргоого алат. Министрлер кабинети 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 20 миллион сомго чейин жогорулатуу жана дагы 5 миллион сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жакшыртуу боюнча мамлекеттик буйрутма алкагында коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада, аталган борборлорду каржылоону үч эсеге жогорулатуу тууралуу кеп болууда”,-деди Эдил Байсалов.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашкан. Статистика көрсөткөндөй алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова өкмөт аялдар кризистик борборлорун каржылоону көбөйткөнүн колдоп, бирок ал каражат абага кетпей реалдуу иштер жасалыш керектегин белгиледи.

“Өлкөдө 15 кризистик борбор бар. Алар аялдарга түз жардам беришет. Акча бөлүнгөндөн кийин кандай иштер аткарылып жатканына мониторнг кылыш керек. Анткени бул деген элдин акчасы. Каражатты максаттуу пайдаланыш керек. Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн маалымат компаниясын жүргүзүү зарыл. Биз азыр болсо көчөдө аялды сабап, өлтүрүп койгондон кийин эле кыйкырып чыгабыз”.

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG