Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Чехияда коронавирустан улам өзгөчө абал жарыяланды


Чехияда тартылган сүрөт.
Чехияда тартылган сүрөт.

Чехия өкмөтү коронавирус күчөп жатканына байланыштуу өлкө аймагына 30 күндүк өзгөчө абал киргизилгенин жарыялады.

Бул чара 26-ноябрда түндө башталат. Ресторандар жана башка көңүл ачуучу жайлар кечки саат онго чейин гана иштейт. Рождествого байланыштуу уюштурулган базарлардын ишине, көчөдө спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды. Маданий жана спорттук иш-чараларга келгендердин саны миңден ашпашы керек.

25-ноябрда Чехия президенти Милош Земан коронавирус менен ооруп калганы маалым болду. Бейтапканаларда азыр 6 миңдей адам жатат. Саламаттык сактоо министрлиги ооругандардын 70% оор абалда экенин билдирген.

Буга чейин Чехияда эмдөө сертификаты же коронавирус инфекциясы жукпаганы тууралуу тастыктамасы жок жарандарга коомдук жайларга барууга тыюу салынган.

Өлкөдө учурда калктын 58,5% толук эмдөөдөн өткөн.

Европада акыркы күндөрү COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйүп, айрым өлкөлөр жалпы улуттук локдаун киргизүүдө. Reuters белгилегендей, Чехия коронавирус инфекциясынын күчөшү боюнча дүйнөдө Словакия менен Австриядан кийин үчүнчү орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG