Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Мусаев: мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлө элек


Сыртбай Мусаев.
Сыртбай Мусаев.

"Мамлекеттик тил жөнүндөгү" конституциялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлө элек. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Сыртбай Мусаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору бир ай коомдук талкууда туруп, 22-ноябрда талкуудан алынды. Учурда түшкөн сунуш-пикирлерди кошуу боюнча иштер жүрүүдө.

Улуттук комиссиянын жетекичиси мыйзам долбоорунда орус тилинин орду төмөндөдү деген пикир менен макул эместигин айтты.

Кыргызстанда жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам жазылды.

Документ 22-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууда турган.

Мыйзам долбооруна Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко тынчсыздануусун билдирип чыкты.

Элчи Орусия жаңы конституциялык мыйзам долбоорунун айланасындагы кызуу талкууга көз салып турганын жана долбоордун кабыл алынышы Баш мыйзамда расмий тил макамы бар орус тилинде "сүйлөгөндөрдүн чөйрөсүн тарытат" деген кооптонуу бар экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG