Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

"Жакшылык кайтат". Москвада боорукер мигрант машинелүү болду


Эген Апсаматов орусиялык блогер Гусейн Гасанов менен.
Эген Апсаматов орусиялык блогер Гусейн Гасанов менен.

Москвада кыргызстандык мигрант Эген Апсаматов интернет блогерлердин колунан машине утуп алды. Анда блогерлер такси айдоочуларга акчасын унутуп калганын айтышып, акысыз жеткирип коюуну өтүнүшкөн.

Бирок бир дагы айдоочу макул болбой койгон. Ошол маалда аларга бир айдоочу токтоп, блогерлерди көздөгөн жерине акысыз жеткирген. Андан кийин видеодо блогерлер Эгенге машине саткан салондун жанынан машине утуп алганын сүйүнчүлөшкөн. "Азаттыктын" кабарчысы жардам көрсөтүүдөн баш тартпай атактуу болгон кыргызстандык айдоочуну таап, маектешти.

Эген Апсаматовдун эки баласы бар. Беш жылдан бери Орусияда таксист болуп иштейт.

- Эген мырза, адегенде белегиңиз менен куттуктайбыз! Кандай сезимдер болуп жатат? Негизи эле ошол күндөгү окуяны айтып берсеңиз.

- Аябай толкунданып жатам. Чындыгында мындай белекти өмүрүмдө биринчи жолу утуп алдым. Окуя тууралуу айта турган болсом, ал күнү адаттагыдай эле буюртма түшкөн. Барсам, ушул эки бала турган экен. Чынын айтсам, алар тууралуу кабарым жок эле. Көрсө, Гусейин Гасанов абдан таанымал блогер экен. Алар мага “Бекер жеткирип коё аласызбы, акчабыз калбай калды, бирок шашып жатабыз, эшикте туруп үшүп калдык”, - дешти. 20 мүнөттүк жол экен, жеткирип койдум.

Алар көргөзгөн дарек боюнча автоунаа салонуна жеткенде, күтүп турушумду өтүнүштү. Болуптур деп күтүп турдум. Видеодон көргөзгөндөй эле, чыгып “Болду эми сен өзүңдүн автоунааңда жүрөсүң, ижарага албайсың. Мына, автоунааң, паспортуңду алып биз менен жүр” дешти да салонго алып киришти. Ошентип, мени машинелүү кылып коюшту. Ойдо жок жерден олжолуу болуп калдым.

- Автоунааны алдыңыз, аны эми эмне кылам деп жатасыз?

- Азыр автоунаанын документтерин бүтүрөлү деп жатам. Андан кийин ушул машине менен жумушка чыгам го. Социалдык тармактарда "сатасыңбы?" деген суроолор абдан көп берилип жатат. Азырынча бул тууралуу ойлоно элекмин.

- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Москвада канча жылдан бери иштейсиз?

- Москвада үй-бүлөм менен турам. 2017-жылы өзүм иштегени келип, эки жылдан кийин үй-бүлөмдү алып келгем. Бир кыз, бир уулум бар. Кенже балам Орусияда төрөлдү. Кызым беш жашта, уулум 2,5 жашта.

- Сиз роликте "кызым ооруйт" деп айткан экенсиз...

- Кызымдын оң кулагы укпайт. Сүйлөсөң сол кулагын жакындатып “эмне дейсиз?” дейт. Машинеге отурганда “музыканын үнүн көтөрүңүзчү, укпай жатам” деп көп айтчу эле. Ошондой учурларда кызыма боорум ооруп, жүрөгүм менен ыйлачу элем. Кыргыз элиме да чоң рахмат. Акча жөнөтүп жатышат, кечээ "Сбербанк" картабызды бердик эле. Алар колунан келген жардамын кызымдын дарылануусуна жиберип жатышат. Мага кылган жакшылык ээсине эки эсе кайтсын деп тилейм.

Эсен Апсаматов балдары менен.
Эсен Апсаматов балдары менен.

- Сиз мурда "Адам бирөөгө жакшылык кылса, жакшылык болуп кайтат" дегенге ишенчү белеңиз?

- Жүз пайыз ишенчүмүн. Анткени жараткан баарыбыздын кылган ишибизди көрүп турат. Демек, ким эмне кылса, ошого жараша жооп болот.

- Апаңыз Кыргызстанда жалгыз экенин айттыңыз. Бул кабарды угуп, сүйүнсө керек...

- Ош облусунун Ноокат районунун тургунумун. Байкем, эжем бар. Алар Бишкекте турат. Апамды бул жакка алып келели деп жатканбыз. Декабрга чейин келиш керек эле. Эртерээк келгенде машине алганымды көрөт эле деп жатам. Апамдын сүйүнгөнүн айтпаңыз. Бир чети апамдын дубасы да кабыл болду окшойт. Ал бизди бөтөн жерде жүрөт деп, күнү-түнү дуба кылып отурат.

- Канча жылдан бери такси айдайсыз? Ижарага машине алып иштетет экенсиз, анын чыгымы да бир топ болсо керек...

- Ижарага күнүгө 1600 рублдан берем. Ошондон сырткары деле үйгө 2000-3000 рубль алып келебиз. Бирок, иш жеңил эмес. Күнүгө 14-16 саат тыным албай иштейбиз. Москвага келгенде көрүнгөн жерде иштеп жүрдүм. Курулушта иштеген учур болду. Таксиге 2019-жылы 20-сентябрда чыккам. Бир жылдай иштеп токтотуп, курулуш тармагына кетип калдым эле. Бир жылдан кийин кайра адам ташый баштадым. Бул жакта такси кызматында кыргыздар абдан көп. Өзгөчө мына ушул "Яндекс" компаниясында. Бажы биримдигине (ЕАЭБ) кирген үчүнбү, айдоочу күбөлүктөрүбүз эч маселе жаратпайт. Борбор азиялык башка мигранттарга айдоочу болуп иштөө бул жакта кыйыныраак.

- Мына ушундай элге жакын, позитивдүү көрүнүштөр Москвадагы мигранттар тууралуу элдин түшүнүгүн да өзгөртүшү мүмкүнбү? Себеби, Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына болгон басым жана айрым учурда терс мамилеге күбө болуп келебиз.

-Мен да жакшы таасирин берсе керек деп ойлоп жатам. Негизи эле биздин мекендештер жардамдан баш тартпайт. Машинең бузулуп, жолдо калсаң да келип, чыгарып кетишет. Бирок, мигранттарга болгон мамиле бир кылка эмес. Кээде басмырлап, сени урушкан учурлар болот. Мен андайда үн катпаганга аракет кылам. Анткени, урушуп кетсең, жалгыз эле сен эмес бардык кыргыздар жаманатты болот. Бир жаман ишке барып, бүт кыргыздардын атын булгабайын деп ойлойсуң.

- Кыргызстанды сагындыңызбы? Мекенге кайтып келе турган оюңуз барбы, негизи эле кандай максаттарыңыз бар?

- Абдан сагындым. Максаттарым чекесинен орундалып баратат. Кыргызстанда апам, үй-бүлөм менен айылымда, мекенде жүрсөм деген тилегим бар. Учурдан пайдаланып, мага колдоо көргөзгөн бардык адамдарга алкыш айтам. Улутуна карабай кол созгон боорукер адамдардын баарына ыраазымын.

Боорукер мигрантка блогер машине белек кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Эген Апсаматов тууралуу кабар таң эрте социалдык тармактын кыргыз сегментинде тарап, анын дарегине жылуу сөздөр айтылды. Ошону менен катар эле мыкты уул-кыздар ушинтип сыртта жүргөнүнө кейигендер да болду.

Самат Качкынов:

Жакшылык дайым кайтып келет. Москвада такси кызматын аркалаган биздин мекендешбизге белгилүү блогер Гусейн Гасанов акысыз жеткирүүгө макул болгону үчүн жап жаңы унаа алып бериптир. Кандай берешен, ак көңүл элбиз.

Добро всегда возвращается!

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG