Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Тоолуу Бадахшандын тургундары Москвада нааразылыкка чыгышты


Москвада нааразылык акциясына чогулгандар.
Москвада нааразылык акциясына чогулгандар.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун ондогон тургундары 25-ноябрда Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин жанына нааразылык акциясына чыгышты. Алар күч органдарынын атайын операциясында каза болгон 29 жаштагы Гүлбидин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

Ушундай талап менен Тажикстандын Рошткала районунун жана Хорог шаарынын ондогон тургундары 25-ноябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратынын алдына чогулушкан. Нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келишти.

"Озоди" радиосу кабарлагандай, бейшемби күнү Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн операциясынын натыйжасында Рошткаланын Шохдара айылынын тургуну Гүлбидин Зиёбеков өлтүрүлгөн.

Ал Кылмыш кодексинин "Барымтага алуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталган. 25-ноябрда күч органдары Шохдара айылында Зиёбековду кармоо операциясын уюштурушкан.

Окуянын айрым күбөлөрү Гүлбиддин Зиёбековдун башына ок тийип, Шохдарадан Хорогго бараткан жолдо каза болгонун айтышууда. Азырынча буга расмий комментарий боло элек.

Мурдараак прокуратура "2020-жылдын 1-февралында Зиёбеков жана дагы бир нече адам Рошткала районунун прокурорунун жардамчысын барымтага алып, Анжим жана Баржангал айылдарында 8 саат бою кыйнап, сабашкан",- деп маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG