Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Жемкорлук жана кыйноо: абак кызматкери акыйкаттык издейт


Акжол Раимбердиев.
Акжол Раимбердиев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы коррупциялык иштер жана кыйноо тууралуу социалдык тармактарда ачык айтып чыккан Акжол Раимбердиев азыркы тапта президент Садыр Жапаровго жолугуу үчүн өкмөт үйүнүн алдына күн сайын барууда.

39 жаштагы Акжол Раимбердиев өзү иштеген Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу Чүй облусундагы №31 түзөтүү колониясындагы жемкорлук, абактагы адамдарды кыйноого байланыштуу бир нече фактыларды октябрь айынын аягында социалдык медиадагы жеке баракчаларынан видео кайрылуу аркылуу айтып чыккан.

Ага лейтенант Раимбердиев жаза аткаруу мекемелеринде 2006-жылдан бери иштеп келген. Анын өлкө башчысына жолдогон видео кайрылуусунан улам "ички тартипти бузду" деген негизде ЖАМК ноябрдын башында сөгүш жарыялап, 16-ноябрда иштен бошоткон.

Ишсиз калган Раимбердиев Ютубдагы билдирүүлөрүн эмнеге таянып айтканын "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

"Менин абалым президентке ишенгеним үчүн болуп жатат да. Анын "коррупциялык иштер тууралуу ачык айткыла" деген сөзүнө ишенип, колумдагы фактылар менен видео кайрылуу жасагам. Дагы деле колумда фактылар бар, кыйналган балдардын видеолору, коррупция боюнча документтер турат. Азыр мага ар ким ар нерсени айтып жатат. "Жаза аткаруу кызматына жалгыз барба, өлтүрүп кетет, чоң кишилерге тийишип алдың" деген сыяктуу коркутуулар бар. Азыркы төрага Эгембердиев Садыр Жапаров №1 колонияда кармалып турганда жетекчи болгонун, чоңдорго асылып жатканымды эскертишүүдө. Мен эч нерседен коркпойм. №31 колонияда мени каралоо үчүн кыйноого алынган жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандын видеосу, көгала болуп сабалган сүрөттөрү бар. Аны кыйноого алышып, мага каршы көрсөтмө бердирүүгө аракет кылышкан. Бирок ал баш тартканда сабашкан".

ЖАМК жетекчилиги Раимбердиев социалдык медиага айтып чыккан бардык маалыматтар боюнча ички иликтөөнүн жыйынтыгы жазылган документти "Азаттыкка" берди. Анда коррупциялык иштер боюнча Раимбердиевдин кайрылуусун мекеменин жетекчиси атайын кабыл алып угуп чыкканы, ал берген фактылар боюнча 31-колониянын жетекчиси А.Т. 8-октябрда пара алып жаткан жеринен кармалып, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында экени жазылган.

Ошондой эле Раимбердиев айткан камактагы адамдын кыйноого алынганын атайын түзүлгөн комиссия аныктабаганы да документте белгиленген.

Раимбердиев социалдык медиада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы коррупция, кыйноолор тууралуу айтып баштаганда аны бул мекеменин жетекчилиги №31 түзөтүү мекемесинен Чүй облусундагы №8 колонияга которгон. Бирок Раимбердиев 21-ноябрда ишке барганында колонияга киргизбей, жумуштан чыкканы тууралуу айтышканын, иштен айрылганын жалпыга маалымдоо каражаттардан окуганын айтууда.

ЖАМКнын мурдагы кызматкери 2019-жылы №19 түзөттүү мекемесинде иштеп турган учурунда да жетекчи Т.Н. коррупциялык иштерди жаап-жашыруу үчүн укук коргоочуларга пара берүү максатында 300 АКШ долларынан чогултулганы тууралуу видео-кайрылууларында байма-бай айткан. Анын айтымында, бул каражатты чогултуп жүргөн ага инспектор Урмат Жумабаев көп өтпөй өз жанын кыйган. Президентке кайрылууларында Раимбердиев каза болгон кызматкердин өлүмүнө жетекчиликтеги коррупция менен кысым себепкер болгонун айтат. Анткен менен ЖАМК анын бул айткандарын төгүндөп, №19 колониянын кызматкери үй-бүлөсүндөгү көйгөйдөн улам суицидге барганын кызматтык иликтөө документинде белгиледи.

Кызыгы, коррупцияны ачык айтып чыккан Раимбердиев кызматынан алынган 16-ноябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров коррупция фактылары аныкталса, бийлик дароо чечим кабыл аларын президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында убада берген.

“Бирөө кишини өлтүрүп койсо журналисттер, блогерлер укмуш чуу кылып жатат го. Коррупциялык иштен мындан он эсе чуу кылып чыгыш керек. Биз мурункудай “факт бер”, тиги же бу деп отурбайбыз. Далилдеп бересиңерби, ошол замат чечим кабыл алабыз. Бир да күн созбойбуз”.

"Ички тартипти одоно бузду..."

Акжол Раимбердиев №31 түзөтүү колониясында көзөмөл инспектору, нөөмөттөгү колония жетекчисинин орун басары кызматтарында иштеп келген. 16-ноябрда аны аталган мекеме Чүй облусундагы №8 түзөтүү колониясына которгон.

Бирок ал бул чечимге макул болбогону үчүн иштен бошотушкан. Анын төрт баласы бар, жубайы иштебейт. Мындан ары кантип үй-бүлөсүн багуу тууралуу азырынча ойлоно элек.

Болгону коррупцияга байланыштуу чындыкты айтып чыкканы үчүн иштен айрылганын, эми президент Садыр Жапаровго бетме-бет жолугуп, айтуу үчүн күндө өкмөт үйүнүн алдына барууда.

Ал арада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы Элбрус Токтомамбетов Раимбердиев "ички тартипти одоно бузганы үчүн" кызматтан алынганын "Азаттык" радиосуна маалымдады.

"Бизде тартиптик устав бар. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ички жобосуна жана ички иштер органдарынын уставдарына ылайык кызматкерлер ички сырды коомчулукка чыгарбоо тууралуу келишимге кол коюшат. Кызматтык маалыматтарды бизде иштегендер эч качан сыртка чыгарбашы керек. Жетекчиликтин, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнүн уруксаты жок бир да кызматкерибиз социалдык же башка маалымат каражаттарынан кайрылуу жасаганга болбойт. Акжол Раимбердиев ушул тартиптин баарын сактабай, улам-улам туура эмес маалыматты таратканы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду".

2018-жылы өкмөт Жаза аткаруу кызматынын ишмердигин реформалоонун беш жылдык стратегиялык планын кабыл алган.

Анткен менен адам укугун коргогон активисттердин айтымында, реформа ишке ашпай эле, жабык жайлардагы жемкорлук, кыйноо барган сайын күчөп баратат. Кыйноолорго каршы улуттук борбор быйыл күз айында облустардагы жабык жайлардагы адам укугуна каршы бир нече абалды аныктап, Башкы прокуратурага кайрылуу жасаган.

Адам укугун коргогон активист Төлөкан Исмаилова жабык жайлардагы жемкордук, кыйноо фактыларын ачык айтып чыккан камактагылар менен кызматкерлер мекеме тарабынан куугунтукка кабыларын айтууда.

"Мунун баары системалык, үзүлбөгөн коррупциялык схемалар болууда. Жаза аткаруу кызматындагы реформаны коомчулук менен чогуу ишке ашыруу зарыл. Бул кызмат негизи социалдык, түзөтүүчү институт болбой эле, жазалоочу, кыйноочу институт болуп жатат. Акжолдун маселесин биз тез аранын ичинде чечүүгө аракет кылабыз. Керек болсо адвокат беребиз. Сөзсүз түрдө бул адамды кайра кызматына коюп, ага моралдык, материалдык чыгымды төлөп берип, мындай абалга алып келгендерди жазалоо керек", - деди Исмаилова.

Бийликтин ачык айткандарга жаңы убадасы

24-ноябрда Министрлер кабинети коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекиткен.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө - иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттын суммасынан 10% өлчөмүндө (бирок 1 миллион сомдон көп эмес) жүргүзүлөт.

Буга чейин да мамлекеттик кызматта туруп, өзү иштеген түзүмдөгү коррупция фактыларын айтып чыккан кызматкерлер жумушунан ажыраган учурлар катталган.

Маселен, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов өмүрүнүн соңку үч жылында өзү иштеген мекемедеги коррупциялык иштерди ачык айтып, система менен күрөшүүгө аракет кылып келген. Ал 2020-жылдын июль айында жүрөк оорудан улам көз жумган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG