Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

БУУ кыйноо фактыларынын көбөйүшүнө кыргыз бийлигин айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-ноябрда кыргыз делегациясынын отчетун уккан соң, комитет мүчөлөрү Кыргызстандагы кыйноо маселесин талкуулады. Комитеттин атайын баяндамачысы Илвия Пуце Кыргызстандын жабык жайларындагы абал эл аралык да, мамлекеттик да стандартка туура келбесин айтты.

“Тергөө абактары менен убактылуу кармоочу жайлардагы жагдай түрмөлөрдөн да жаман. Аларда отургандардын саны талаптагыдан алда канча көп”, – деди баяндамачы.

Комитет буга чейин убактылуу кармоочу жайлардын абалын жакшыртуу үчүн берген сунуштарын Кыргызстан аткарбаганын белгиледи.

10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандагы кырдаал талкууланды. Бишкектен кыргыз бийлигинин баяндамасы менен тааныштырууга Юстиция министрлигинин, Жогорку соттун жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган атайын топ Женевага барды.

Бишкектен барган делегация 2013-жылдан бери өлкөдө кыйноого кабылган фактылар катталганын, бул көйгөйдү токтотуу үчүн эмне иштер жасалып, Кыргызстан эл аралык коомчулук алдындагы милдеттемелерин кандай аткарып жатканын айтып берди.

Өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар менен укук коргоочулардын дагы төрт отчету Комитетке жиберилген.

Кыргызстанда кыйноо фактылары барын бийлик дагы, укук коргоочулар дагы белгилейт.(GA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG