Бийликтин коррупцияга каршы саясаты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыштуу кирешени легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны камактан бошотту. Ошону менен бирге атайын кызмат октябрдан бери коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5 млрд. сомду мамлекеттик казынага кайтарганын билдирди. Жемкорлукка каршы күрөш кыргыз коомчулугунда талкууланган башкы темалардын бири болуп жатат. “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында ушул теманы талкууладык. Студиянын коноктору акыйкатчы Токон Мамытов, юрист Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Руслан Акматбек, Борбор Азиядагы коррупция маселесин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева жана мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов.
Чыгарылыштар
-
Май 16, 2024
Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?