Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Жаңы кодекс: тергөө менен кызматташуу жоюлат


Кыргызстанда кодекстерди өзгөртүү негизинен Башкы прокуратуранын сунушу болгон.

Кыргызстанда 2-декабрдан тартып күчүнө кирчү жаңы Кылмыш-жаза процессуалдык кодекске ылайык, кылмыш ишин козгоонун тартиби өзгөрөт, тергөөнүн жана соттоо жараянынын мөөнөтү такталат. Тергөө жана сот органдары материалдарды жылдап караган көрүнүш токтойт. Ошондой эле тергөө менен кызматташуу жоюлат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлдөрү "Азаттыкка" жаңы кодекстер тууралуу комментарий берип жатып билдиришти.

Президент Садыр Жапаров жаңы Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгону 16-ноябрда белгилүү болгон. Айрым юристтер бул документтердин акыркы варианты жабык, тымызын даярдалганын айтып сындап чыккан.

Жаңы кодекстерди дээрлик 70 чакты адамдан турган эксперттик топ жазган. Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Үмүткан Конукбаева ал жаңы кодекстердин соңку варианты жабык талкууланып, кабыл алынды деген дооматты жокко чыгарды.

"Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген кодекстерди иш жүзүндө колдонууда көптөгөн көйгөйлөр жаралып, мыйзам талаасында карама-каршылыктарды алып келди. Ошондуктан Башкы прокуратура жаңы кодекстердин бирден бир демилгечиси болуп саналат. Талкууга бардык каалоочулар келип, катышып жатты. Болгону алардын, эксперттик топтогу 69 адамдан башкасынын добуш бергенге гана укугу жок болду. Алар талкууга катышып, ойлорун, сунуштарын ачык айтып жатышты".

Президент жаңы кодекстерге кол койгону белгилүү болгондон кийин юрист Сания Токтогазиева "Фейсбуктагы" баракчасына бул документтердин акыркы вариантын президент Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдун тобунан башка эч ким көрбөгөнүн жазган. Анда "азыркы режим үчүн чечимдерди мыйзамдарды кыйгап өтүп, жабык чыгаруу кадыресе көрүнүш болуп калды. Бул режим былтыр октябрдан бери мыйзам чыгаруу жараянынын негизги баскычтарын такай, атайлап кыйгап өтүп мыйзамдарды чыгарып жатат. Бизде мындай укуктук башаламандык болгон эмес", - деп билдирген.

Кылмыш ишин козгоо тартиби өзгөрөт, тергөө мөөнөтү такталат

Башкы прокуратуранын улук прокурору Сирожиддин Камолидинов Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, арыздарды кабыл алуу, кылмыш ишин козгоо тартиби өзгөрөрүн, мунун негизинде өлкөдөгү кылмыштуулук тууралуу статистика такталарын айтып берди.

"Эми жаран кылмышка байланыштуу арыз менен кайрылса анын арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү башталат. Муну биз сотко чейинки текшерүү дейбиз жана мындай текшерүү он күн жүргүзүлөт. Эгер анда кылмыштын курамы бар деп табылса тергөөчү же прокурор кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алат. Эгерде кылмыштын курамы жок болсо анда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат. Кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин эч кимдин камаганга укугу жок. Он күндүн ичинде текшерүү жүрүп жатканда айыпталуучу кармалбайт. Эгер маселен экспертиза жүргүзүүгө дагы кошумча күн керек болсо прокурор 20 күнгө чейин узартып бере алат. Буга эки эле себеп бар. Биринчиси, экспертиза, ревизия, же кызматтык иликтөө дайындалса, ошолордун корутундусу чыга элек болсо. Экинчи негиз, эгер күбөлөр келүүдөн баш тартып, же алыс жакта жашап жаткан болсо ошондо прокурор 20 күнгө чейин текшерүүнүн мөөнөтүн узартып бере алат. Бир айдын ичинде толук чечим кабыл алынышы керек. Азыркы иштеп жаткан кодекстер боюнча арыз жазылса эле кылмыштын курамы бар же жоктугуна каралбайт жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталып кетет. Тергөөдө адамдарды суракка алууга, үйүн тинтүүгө, керек болсо камоого жол ачылат. Ал эми жаңы кодексте биринчи он күн текшерүү жүрөт. Он күндүн ичинде кылмыштын курамы бар болсо анды кылмыш ишин козгоп, ошонун алкагында тергөө аракеттерин жүргүзө алат".


Эгерде арыз ээси тергөөчүнүн кылмыштын курамы жок деген чечимине макул болбосо прокуратурага же сотко даттанууга укугу бар.

Текшерүүдөгү алты аракет

"Биринчиси, окуя болгон жерге кароо жүргүзөт. Экинчиси, ошол окуяны көргөн кишилерди күбө катары суракка алат. Үчүнчүсү, кандай буюмдар керек болсо аларга суроо-талап жиберип, документтерди жана буюмдарды сурашы мүмкүн. Андан кийин экпертизалар дайындалат жана издеп-иликтөө жүргүзгөн органдарга тапшырма бериши мүмкүн. Бардык документтерди топтоп, тергөөчү анализ жүргүзүп, кылмыштын курамы бар же жогу тууралуу чечим кабыл алат. Мындай тартип статистикалык маалыматтардын так болушуна чоң салым кошот. Мына азыр сотко чейинки өндүрүш катталганда эле биз аны кылмыш деп айтып жатабыз да. Ошондой эле азыркылардын мөөнөтү жок. Реестрге катталгандан кийин тергөөчү эки ай болобу, төрт ай болобу тергөө жүрүп жатат деп гана коет. Жаңы кодекске ылайык, тергөө мөөнөтү шектүү катары кабарлама бергенден тарта башталат. Кылмыш иши козголгон күндөн баштап тергөөгө эки айлык мөөнөт берилет. Ал эми аз коркунуч келтирген кылмыштар боюнча бир айлык мөөнөт берилген.

Бул белгиленген мөөнөттө кылмыш иши же өндүрүштөн кыскартылышы керек, же айыпталуучуну тактап ишти сотко кетириши керек. Ошондой эле тергөөчү төрт негизге ылайык, тергөөнү убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат. Ошондой эле мөөнөтүн узартуу тууралуу дагы берене бар. Эгер тергөөгө байланыштуу кошумча аракеттерди жүргүзүү керек болсо анда шаардын жана райондун прокурорлору төрт айга чейин, облустун прокурорлору алты айга чейин, ал эми башкы прокурордун орун басары тогуз айга чейин узарта алат. Эмне себептен мындай мөөнөттөр чектелди. Анткени бул дагы прокурорлордун көзөмөлү. Эгер тергөөнүн мөөнөтүн төрт айга узартуу керек болсо анда облпрокурор "эмненин негизинде тергөө мөөнөтү узарып жатат" деп өз көзөмөлүнө алат. Бул дагы адам укугуна байланыштуу чоң талап", - деп чечмеледи Камолидинов.


Улук прокурор тергөө абагында камоо мөөнөтү такталганын кошумчалады.

"Азыркы мыйзамдарда белгиленген убакыт жок болчу, жарандар бир жыл болобу, үч жыл болобу тергөө абагында жата берчү, соттор ишти карай берчү. Эми жаңы кодексттерге ылайык, жаран тергөө абагында бир жылдан ашык убакыт отурбайт. Иш сотко өткөндөн кийин анда дагы тергөө абагында камоо мөөнөтү бир жыл. Сот ишти бир жылдан ашык карай албайт, эгер андан ашык убакыт карай турган болсо жаранды абактан чыгарып коюп карайт. Эми мурдагыдай жылдап соттогон учур болбойт. Мисалы бир жаран уурулукка шек саналса, ал беренеде 2,5-3 жыл каралган болсо, кээ бир мындай жарандар эки жылдан бери тергөө абагында отурган фактылар болот".

Кылмыш-жаза процессуалдук кодексинде 10 күндүк териштирүүсү жок, токтоосуз кылмыш ишин козгоо учурлары жазылган.

"Бизде ачык кылмыштар бар. Мисалы адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабарлама келип түшкөндө кылмыш иши токтоосуз козголот. Эгер ошол кылмышка шектүү болсо аны алып келип дароо камайт. Мисалы уурдоо фактысы боюнча арыз жазылса, кароо протоколу жүргүзүлүп, анда уурдоо болгону ачык-айкын көрүнүп турса тергөөчү он күн керек деп айтпайт, токтоосуз кылмыш ишин козгошу керек жана тергөө аракеттери башталат. Мисалы жол кырсыгы болуп, адам набыт болсо токтоосуз кылмыш иши козголот".

Кылмышка шектүүлөрдү издөө

"Кылмышка шектүүлөрдү издеген ыкчам органдар бар. Алардын жоопкерчилигине байланыштуу талап көбөйдү. Азыр тергөө жүрүп жатат деген негизде 45 минден ашык иш сотко чейинки өндүрүштө турат. Анткени мөөнөт жок. Ошол 45 миң иштин 90% "айыпталуучуну тактоого мүмкүн болбогондуктан кылмыш иши убактылуу токтотулат" деген берененин негизинде токтойт. Эми ыкчам издөө органдарына талап башталат. Эмне себептен ачылбай жатат, анын канчасы оор, дагы канчасы өзгөчө оор кылмыштар экени такталат. Бул укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин көтөрө турган кодекстер болду. Азыр жабырлануучулар арыз жазып, менин ишим тергелип жатат экен деп эле жүрүшкөн. Эми болсо тергөөчүдөн дагы, ыкчам издөө кызматкерлеринен дагы талап болот.

Азыр тергөөчүлөрдүн бөлмөсү материалдарга толуп кеткен. Алар алтургай анда канча иш бар экенин деле билбей калат. Дагы жакшы, бизде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри болуп, ошол аркылуу таап чыгып жатабыз. Эми жаңы кодекске ылайык, тергөөчү бардык аракеттерин Кылмыштардын реестрине каттап турат. Кылмыш ишин кыскартса, токтотсо, анын баары катталат. Биз кандай аракеттер болгонун ар дайым билип турабыз. Биз тергөө аракеттеринин баарын тергөөчүгө гана бердик. Буга чейин изин суутпай иликтөө кызматкерлери түшүнүк кат алып, кыйноо фактылары болчу эмес беле. Азыр биз андай учурлардын баарына жол берген жокпуз. Ушул тууралуу эксперттик топко көп өтүнүч-сураныч келди. Бирок биз жок, болбойт деп айттык. Кылмыш иши боюнча жоопкерчиликти тергөөчү гана алышы керек. Изин суутпай издеген кызматкерлер ошол тергөөчүнүн гана тапшырмасын аткарышы керек. Бардык аракеттер Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталса бул биринчиден, көзөмөл жогорулайт, экинчиден, бардык аракеттердин мөөнөтү көрүнүп турат. Биринчиден прокурор көзөмөлдөйт, экинчиден мөөнөтү келгенде аны компьютердеги программа кызыл болуп күйүп, көрсөтүп турат", -деди Үмүткан Конукбаева. Ал жаңы кодексте жабырлануучунун укугун коргоо жактары эске алынганын айтууда.

"Арыздар жылдап каралбай келген фактылар болгон. Арыз жазылат, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат жана ошол бойдон калып калган учурлар болгон. Сотто кылмыш иштери каралып жатканда, соттук териштирүүдө дагы башка адамдардын катышуусу болуп калса, же ошол кылмышка шектелген адамга оорурак беренени угузуу маселеси чыкса азыркы кодекске ылайык, бир гана прокурорго укук берилген. Прокурордун макулдугу менен гана кайра тергөө аракеттери жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн. Мындай учурда жабырлануучунун укугу тебеленип, ал эч нерсе кыла албай калган. Бирок ошол эле учурда соттук териштирүүнүн катышуучуларынын укугу бирдей да. Учурдагы кодексте укук экиге бөлүнүп калган. Азыр эми эгерде соттук териштирүүдө дагы башка кылмышка шектүүлөрдүн бар экени далилденип калса, айыпталуучуга оорурак айып угузуу керек болуп калса "прокурор милдеттүү, ал эми жабырлануучу укуктуу" деп жаздык. Эгер жабырлануучунун ушундай өтүнүчү болсо, аны сот карап, сот гана чечет. Экинчиден, мүлкү камакка алынган жактар даттануу укугунан ажыратылган. Мисалы кылмыш ишин тергөөдө башка эле адамдардан мүлкү камакка алынып калган фактылар болуп келген. Андай иштер толтура. Мындай арыздар прокуратурага дагы көп түшөт. Алар "жогорку инстанцияга, Жогорку сотко, же тергөөчүгө жазалы десек алар кабыл алган эмес. Алар "сиз кылмыш иш боюнча жабырлануучу дагы, айыпталуучу дагы эмессиз, арызыңызды карай албайм" деп кабыл албай келишкен. Себеби мыйзам ушундай болгон. Азыр биз жогорку турган органдарга кайрылууга үй-мүлкү камакка алынган адамга гана уруксат бердик. Демек, ал мүлктүн өзүнө тиешелүү бөлүгү тууралуу биринчи инстанциянын чечимине макул болбосо, кылмыш ишинде өзүнүн мүлкүнүн тагдыры чечилбей калса арыз жазганга толук укугу бар".

Бир кылмыш иши үчүн бир гана жаза

"Азыркы Жазык кодексинде кош жаза берилип калган. Мисалы эркинен ажыратуу жазасын берип, ошол эле учурда айыпка кириптер кылган, 300 миң сомго чейин айып салынган, ушинтип эки жазаны бирдей салып келген. Жаңы кодекс күчүнө кирсе кош жаза толугу менен жокко чыгарылат, биз аны алып салдык. Бир кылмыш иши үчүн бир гана жаза белгиленет. Кылмыш ишиндеги беренелердин санкцияларына альтернативдүү жазаларды дагы койдук. Сот ошол суроолорду өзү чечсин деп атабыз. Иштин категориясына жараша санкцияда ушул жазаларды карап чыктык. Бир кылмыш иши экинчисине эч качан окшош болбойт. Иштин жагдайы дагы эч качан окшош болбойт. Мисалы кээ бир учурларда жабырлануучуга материалдык чыгым төлөбөйт, мурда соттолгон, кечирим сурабаган учур болот да. Ошол эле учурда материалдык зыянды төлөп, жабырлануучудан кечирим сураса экөөнүн жазасы бирдей эле болуп калган. Анткени жазада 2,5 жыл айырма болгон. Биз сотко жаза чектөөдө кылмыш иштин жагдайына, айыпкердин инсандык өзгөчөлүктөрүн эске алып берилсин деп ар бир беренеге так, даана көрсөттүк. Экинчиси үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча. Үй-мүлкүн конфискациялоо деген ар бир беренеде көрсөтүлбөй калганынын кесепетинен акыркы убакта бул жаза аткарылбай калды. Соттор белгилебей калды. Анткени ар бир санкцияда ал жок. Азыр биз ар бир санкцияда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын баарын койдук. Жазанын натыйжалуулугу үчүн ушундай чаралар керек да".

Айып пулдун өлчөмү өзгөрөт

"Ошол эле учурда айыптын дагы өлчөмү азайтылды. Анткени коомчулукта акыркы убакта коррупцияга айыпталган деле 260-300 миң сом айып пул төлөп жатат, уурулук, бейбаштык кылса деле ушунча айып төлөп жатат деген нааразылыктар болуп келген. Азыркы кодексте ар бир инсандын жагдайы каралган эмес. Баарына бирдей, жалпы жаза коюлуп калган. Биз болсо азыр кызматтык кылмыштарга 300 миңден, 2,5 миллион сомго чейин айып пулдун өлчөмүн койдук. Ал эми башка кылмыш иштердин баарына 20 миң сомдон 300 миң сомго чейин койдук".

Улук прокурор Сирожиддин Камолидинов бөгөт чарасына байланыштуу кызуу талаш-талкуу болгонун айтып берди.

"Көп талкуу жараткан жагдай сотторго, бөгөт коюу чараларына байланыштуу маселе болду. Маселен, прокурор кылмышка шектүүнү үй камагына алуу тууралуу өтүнүч менен келсе, сот болсо аны абакта кармоо жөнүндө чечим кабыл ала берсин дегендер болду. Андай болбойт, себеби тергөөнүн өзүнүн тактикалары бар да. Кээде тергөөчү айыпталуучу менен сүйлөшөт, "кылмыштын кандай жасалганын, шериктериңди ачып берсең биздин сага жардамыбыз сени үй камагына чыгаруу" болот деп макулдашат. Сотко келгенде судья башка ой менен, кээде жаман ой менен өкүм чыгарып коет. Ошондо кылмыштын бетин ачуу тактикасына каршы чечимдер кабыл алынып калат. Жаңы кодексте норма ордуна келтирилди. Тергөө кызыкчылыгы, адам укуктары эске алынды".


Жаңы кодекстерге ылайык, Кыргызстанда мындан ары тергөө менен кызматташуу деген көрүнүш жоюлат. Үмүткан Конукбаева мындай түшүнүк 2019-жылы киргенин, үч жылда өзүн актаган жок деген бүтүмгө келишкенин айтып берди.

Тергөө менен кызматташуу жоюлду

"Эксперттик топ биздин, көзөмөлдөөчү органдын сунушун колдоду. Мисалы беш килограмм маңзат менен кармалган адам тергөө менен кызматташып, ал болсо саткан деген башка адамды көрсөтүп, аны кармаган учурда жанынан өтө аз сандагы наркотик чыкса ал жазага тартылып, тергөө менен кызматташты деген адам 260 миң сом айып менен гана чыгып кеткен фактылар болгон. Коррупция менен козголгон кылмыш иштерин көрүп жатасыңар. Анда бардыгы эле "мага ушул буйрук берген, көрсөтмө берген" деп көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташкан болуп 260 миң сом айып пул менен эле жазадан кутулуп кетип жатат. Тергөө менен кызматташууну алып салганыбыздын себеби, ошол адамдын канчалык күнөөсү бардыгы анын "ооба, мен күнөөмдү мойнума алам" деген көрсөтмөсү эмес, тергөөдө чогултулган далилдердин жыйынтыгында гана айыбы угузулуп, сотто гана аныкталышы керек. "Мойнума алам, тигил адамдын күнөөлүү экенин айтам" десе эле ошол кызматташуу деп каралып жатып тергөөнүн дагы сапаты төмөндөп кетти. Биз ошондуктан тергөө менен кызматташууну алып салдык. Кызматташуу деген институт алынып салгандан кийин кылмыш ишинин жагдайы толук иликтенип, ага тергөө баа берет, аракетинде кылмыштын белгилери болсо кылмыш иши козголот, акыркы чечимди сот чыгарат".


Сирожиддин Камолидинов Жаңы кодекске ылайык, коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерин прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети тергерин билдирди.

"Кылмышты ким ачкан болсо прокурор тергөөнү ошол органга бериши мүмкүн. Альтернатива дегенибиздин дагы себеби бар. Анткени кээ бир учурда прокурорлордун тергөөсүнө ишенбейм дегендер чыгат, ошол эле учурда атайын кызматтын тергөөсүнө ишенбегендер дагы болот. Кызыкчылыктар кагылышы деген сөздөр дагы болуп калат. Ушундай учурларда дагы деле коррупция болбосун, тергөө таза жүрсүн деген максат менен ошондой альтернатива болду".

Конукбаева Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде журналисттердин ишмердигине тоскоол кылган кызмат адамдарына байланыштуу берене кошулганын маалымдады.

"Учурдагы Кылмыш-жаза кодесинде мындай берене болгон эмес. Эми мындан ары "журналисттин ишмердүүлүгүнө кызмат адамы кыянаттык жасап, тоскоолдук кылган учурлар болсо" деген берене киргизилди. Анткени талкуу учурунда бизге көп журналисттер "жумуш маалында кызмат адамдары укуктарыбызды бузган учурлар болот, каалагандай мамиле кылат" деп кайрылды.

Көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрү кодекстер жазылып жаткан чакта эл аралык уюмдардын жүйөлүү сунуштары эске алынганын билдирип жатышат. Маселен учурдагы кодекстерге жашы жете элек өспүрүмдөр деп жазылса, жаңы документке ылайык, 18 жашка чейинкилердин баары "бала" (ребенок) деп жазылат.


Буга чейин президент Садыр Жапаров кодекстерди бир катар дал келбестиктерге жана Конституция менен мыйзамдарга карама-каршы келгендигине байланыштуу парламентке макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарган.

Мамлекет башчынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыккан жана Жогорку Кеңеш сентябрда кабыл алган, прзидент 28-октябрда кол койгону маалымдалды.

Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланган жана алар 2019-жылы иштей баштаган.

Бул кодекстерди кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG