Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:54

Абдухалилов: Кодекстер өзгөрсө кыйноо күчөйт


Адвокат Сардор Абдухалилов.

“Кыйноолорго каршы коалиция” уюму Жогорку Кеңешке ачык кайрылуу жолдоп, Жазык кодексине жана Жазык-процессуалдык кодекске Башкы прокуратура сунуштаган өзгөртүүлөрдү кабыл албоого чакырды. Уюмдун өкүлү, Жалал-Абаддагы “Справедливость” уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов бул багытта маек курду.

- Сардор мырза, аталган кодекстер гумандаштыруу, адам укугун коргоо максатында 2017-жылы эле жаңыланганын билебиз. 21-июлда Башкы прокуратура сунуш кылган, укук коргоочулар каршы чыгып жаткан долбоорлор Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде экинчи окууда колдоо тапты. Сиздерди бул өзгөртүүлөр эмне үчүн кооптондуруп жатат?

- Биз, “Кыйноолорго каршы коалиция”, 2011-жылдан бери иштеп келе жатабыз. Соңку 10 жыл ичинде, мыйзамды ишке ашыруу тажрыйбасында көрүп турганыбыздай, кыйноо фактылары жазасыз бойдон кала берүүдө. 2017-жылга чейин өлкөдө Жазык-процессуалдык кодексте “баштапкы текшерүү” деген стадия сыяктуу жаман көрүнүш бар эле. Биздин кооптонуп жатканыбыз – ошол көрүнүш эми кайра кайтып келиши ыктымал болууда. Ошондуктан биз бул кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү четке кагууга чакыруудабыз. Бул биринчи жагы.

Экинчи жагынан, бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу иши тез аранын ичинде, талкуусу жок жүргүзүлүп жатат. Башкы прокуратура өзү демилгечи болуп, курамды өзү түзүп, ишти өзү жүргүзүүдө. Кеңири коомчулук талкууга катышкан жок.

Негизи мындай мыйзамдар кыска убакыт аралыгында эмес, эксперттик комиссия түзүлүп, кеңири форматта ар кандай талкуу уюштурулуп кабыл алынышы керек. Мисалы, 2017-жылы кабыл алынган кодекстер боюнча иш 2013-жылы башталган. Төрт жыл талкуу жүргөн. 2017-жылы кабыл алынганы менен күчүнө 2019-жылы гана кирген.

Мындан тышкары, коррупциялык схемага жол ачылат. Бүгүн арыз жазып, эртең тосмо арыз жазылса, иш кыскарып кетиши ыктымал. Азыркы Жазык кодексинде, Жазык-процессуалдык кодексте андайга жол берилбейт эле.

- Сиздер бул кодекстерди жаңылоого эмне үчүн каршы чыгып жатканыңыздарды кылмышка шектүү катары кармалып, кыйноого кабылган бир адамдын мисалында түшүндүрүп айтып бере аласызбы?

- Эгер адам кыйноого кабылса ал “мени уруп-сабап кыйнашты, ошентип көрсөтмө жаздырып алышты, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүңүздөрдү өтүнөм” деп арыз жазса, ошол арыз боюнча иш жүргүзүү эффективдүү болбойт бул кодекстердин негизинде.

Азыркы кодексте эгер ошондой арыз жазылса дароо иш козгоо каралган. Кылмыш иши козголот. Ал эми жаңылоого сунуш кылынып жаткан долбоор ишке кирсе, андай арыз боюнча кылмыш иши козголбойт. Текшерүү гана жүргүзүлөт. Текшерүү процесси бир күндөн 30 күнгө чейин уланышы мүмкүн.

Иш козголбосо, демек, кыйноого кабылганын айткан адам жабыркаган тарап деп эсептелбейт. Анын адилеттүүлүккө болгон укуктары чектелип калат.

- А текшерүүнү ким жүргүзөт?

- Азыркы сунушталып жаткан кодекс боюнча кыйноо тууралуу арыздарды прокуратура текшерет. Бирок прокуратура органдарында ыкчам кызматкерлер жок. Мындай иште ыкчам кызматкерлердин ролу чоң. Ал жерде тергөөчү гана иштейт эгер Тергөө департаменти түптөлө турган болсо.

- Соңку жылдары кыйноого кабылып, сиздерден жардам сураган адамдар боюнча статистика, тенденция кандай болуп жатат?

-Азыр мурдагыдай ур-токмокко алуу эмес, электрошокер же башка из калтырбай туруп күч колдонуу сыяктуу ыкмалар колдонулууда. Из калбагандыктан соттук-медициналык экспертизадан корутунду чыгаруу аябай кыйын болууда. Экинчи жагынан, тергөө органдары кыйноо фактылары боюнча натыйжалуу иштебегендиктен сотко аз гана сандагы иштер жетүүдө.

-Бул боюнча абалды мүнөздөгөн расмий маалыматтарыңыз болсо айта кетсеңиз.

-Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2020-жылкы баяндамасында кыйноого кабылган адамдардын 83% милиция кызматкерлеринин катаал мамилесине туш болгону жазылган. 2020-жылы аларга 143 арыз түшкөн экен, көпчүлүгү милициянын колуна түшкөндө ар кандай кыйноого дуушар болгонун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG