Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Хадича Аскарова: акыйкаттык үчүн күрөштү уланта берем


Хадича Аскарова күйөөсүнүн мүрзөсүнө гүл коюп жатат (Сүрөттү Аскаровдун үй-бүлөсү жиберген).
Хадича Аскарова күйөөсүнүн мүрзөсүнө гүл коюп жатат (Сүрөттү Аскаровдун үй-бүлөсү жиберген).

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абакта каза болгонуна бир жыл болду. Аскаровдун жакындары укук коргоочунун акталышын, анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып келишет.

“Азимжан Аскаров менен акыркы жолу 3-июлда (ред: 2020-жыл) мекеменин телефону аркылуу сүйлөштүм. Мен жолукканы барам деп жүргөм. Ошол сүйлөшкөндө “келбей тур, карантин болуп калды, кыйналасың” деген болчу. 2010-жылдан бери мага күндөлүк жазат болчу. Анда 8-июлдан бери дене табы көтөрүлүп жатканы жазылган. Ошентип, 25-июлда көз жумду. Эмнеге чоңдор ооруп калса ооруканага алып барып карайт? Дүйнө тааныган Азимжанды ушундай күнгө калтырган үчүн ошолор (ред: түрмө жетекчилиги) дагы күнөөлүү деп эсептейм. Жазган күндөлүгүндө ден соолугу боюнча баары толук жазылган",-дейт укук коргоочунун аялы Хадича Аскарова.

Ал жолдошун актоо үчүн бар күчүн жумшап, өмүрүнүн аягына чейин аракет кыларын айтып отурду.

Хадича Аскарова.
Хадича Аскарова.

“Азимжан Аскаровдун эч кандай күнөөсү жок. Анын күнөөсү акыйкат үчүн күрөшүп, карапайым элге жардам бергени болду. Күч огандары аны жаман көрчү эле, июнь окуясы шылтоо болуп, жалган доомат менен камалды".

Аскаровдун өлүмүн иликтөө талабы

Июнь окуяларына айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров былтыр 25-июлда №47 абакта 69 жаш курагында пневмониядан көз жумган. 10 жылдан бери Аскаровдун укугун коргоп келген “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму 25-июлду укук коргоочуну эскерүү күнү катары жарыялап, кыргыз бийлигин эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Аскаровдун өмүрүнүн акыркы күндөрү анын жактоочулары түрмө жетекчилигине бир нече жолу укук коргоочунун ден соолугуна тынчызданып кайрылганын, бирок алар ошол учурда шалаакы мамиле кылганын белгилеп, эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатканына нааразы.

Исмаилова кыргыз бийлигин Аскаровдун ишине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин жана башка уюмдардын сунуштарын аткарбай жатканын сындады.

“БУУ чечимин 2016-жылы эле чыгарган. Андан бери канча бийлик алмашты. Аялы Хадича түрмөдө кандай болгонун жакшы билет. Үй-бүлөсү акыйкаттык күтүп жатат. Андыктан кыргыз өкмөтү өзүнүн милдетин аткарышы керек. Анткени Кыргызста да БУУнун мүчөсү”, - деди Исмаилова.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму ушул кезге чейин Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу жалпы элүүдөй сот отуруму өткөнүн, ал мезгилде укук коргоочунун жакындары, юристтер, жактоочулар басым, коркутууларга кабылганын белгилейт. Уюмдун башчысы Исмаилова Азимжан Аскаровдун ишинде акыйкаттык издөө - бир гана укук коргоочунун тагдыры эмес экенин айтат. Ал миңдеген кыргызстандыктар кабылган жабык жайлардагы көйгөйдү бийликке жеткирүү экенин белгилейт.

Аскаровдун өлүмү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иликтөө жүргүзүп, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу тергөө токтотулган. Мекеме иликтөөнүн токтотулушун "Аскаров каза болгон учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал оор болуп, натыйжада анын өлүмүнө эч ким жооптуу деп эсептелбеши керек" деп негиздеген.

Укук коргоочунун аялы Хадича Аскарованын жактоочусу Айдар Сыдыков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иликтөөнү токтотконун мыйзамсыз деп эсептеп, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Райондук сот маркумдун өлүмү боюнча даттанууну канааттандырган эмес. Учурда Сыдыков Бишкек шаардык сотуна кайрылууга камданып жатат.

“Свердлов райондук сотуна барсак арызды канааттандырган жок. Карабай дагы койду. Даттануунун мөөнөтү өтүп кеткен деп карашкан жок. Бирок, алар туура эмес эсептеп алышкан. Азыр шаардык сотко кайрылып, тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүшү керек деп жазабыз. Анткени анын өлүмүнө мекеме күнөөлүү деп эсептейбиз”, - деди Сыдыков.

Эл аралык уюмдардын сунушу, кыргыз бийлигинин позициясы

23-июлда Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин эл аралык милдеттерин аткарып Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз, калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Андан тышкары Аскаровдун үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилиши керек.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соттолушу, андан кийин өлүмүнө байланыштуу Европа Биримдиги, Журналисттерди коргоо комитети, (CPJ) Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар байма-бай билдирүү жасап, көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып келишет. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин адилет териштирүү, кыйноого кабылган жагдайларды иликтөө жана абактан бошотуу менен айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну сунуштаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Аскаров боюнча эл аралык коомчулуктун сунушуна бийлик "эл аралык уюмдар өлкөнүн ички иштерине аралашпашы керек" деген таризде жооп берген. Ал эми экс-президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоочу каза болгондон кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Аскаровдун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталган” деп билдирген.

Азырынча жаңы келген бийлик Аскаров боюнча позициясын билдире элек. Саясатчы Адил Турдукулов эл аралык коомчулук менен расмий Бишкектин мамилесиндеги чечилбеген укук коргоочунун ишине акыры чекит коюлушу керек деп эсептейт. Бирок, Турдукулов азыркы бийлик чечкиндүү кадамдарга барарына ишенбейт.

"Азыркы бийликтин мойнуна илинип калганы адилетсиз болуп калды. Анткени алардын күнөөсү жок. Ал эми жаңы иликтөө жасап, жоопкерлерди табат деп ойлобойм. Анткени азыркы бийликке батыш мамлекеттеринин мамилеси эмес, өлкөдөгү улутчул көз караштагы адамдардын мамилеси маанилүү", - деди Турдукулов.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталган.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду Базар-Коргон райондук соту 2010-жылы 15-сентябрда өмүр бою эркинен ажыраткан, аны Жогорку сот 2011-жылы 20-декабрда күчүндө калтырган. Иш 2015-жылы кайра каралып, бирок өкүм өзгөргөн эмес. Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген.

Укук коргоочу көзү тирүү кезинде байма-бай кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келген. Ал быйыл тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.

Абакта каза тапкан Аскаровдун сөөгү былтыр 31-июлда Өзбекстандын Ташкент облусунун Янгибазар айылында жерге берилген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG