Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Ошто талапкерлердин бири каржы иштерине байланыштуу кармалды


Ош шаарында парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышып жаткан талапкерлердин бири каржы маселесине байланыштуу кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, ал үгүт иштерин шайлоо фондунан тыш каржылаганы аныкталган.

Шектүү 25-ноябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жеткирилди.

Кармалган талапкер №7 шайлоо округунан ат салышып жаткан Бекболот Арзибаев экенин билдиришти. Азырынча шектүүнүн өзүнөн же жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Үгүт иштери 26-ноябрда түн жарымда токтотулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG