Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болуп, 74 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда үч адам каза болду.

Үчөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2737 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 74 адамдан табылды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 27
  • Чүй облусу – 16
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Баткен облусу - 8
  • Ош облусу – 5
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Талас облусу - 3

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашты. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 109 адам. Инфекция жугузгандардын 177 миңден көбү сакайды.

Азыр ооруканада 440 бейтап жатат, дагы 557 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада эмдөөдөн 11 миңге жакын адам өттү, алардын теңинен көбү биринчи дозаны алган. Эмдөө алган жарандардын саны Кыргызстан боюнча 2 миллионго жакындады.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG