Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Беларустагы ирактык мигранттар мекенине кайтып кетүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

"Ирак аба жолдору" компаниясы (Iraqi Airways) эки каттам менен Беларустагы жүздөгөн мигранттарды алып Минск аэропортунан Эрбил шаарына учуп кетти. Муну аба портунун онлайн таблосундагы маалыматтар тастыктап турат.

Бир күн мурун Ирактын Москвадагы элчилиги Беларус баш калаасындагы 600дөн ашуун ирактык мигранттар мекенинекетерин билдирген. Алгачкы каттам 25-ноябрда, экинчиси 26-ноябрга караган түнү Эрбилге учкан.

Ирактын Орусиядагы жана Беларустагы консулу Мажид Аль-Кинани дагы бир нече рейс пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, миңден ашуун мигрант Беларустан Иракка кайтып келүү каалоосун билдирген.

Акыркы күндөрү Жакынкы Чыгыштан Беларуска ташылып келген мигранттар чек араны бузуп Европа өлкөлөрүнө кирүүгө далалат жасашууда. Европа Биримдиги муну Александр Лукашенко санкцияларга каршы атайын уюштурганын айтат. Минск мындай айыптоолорду четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG