Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Быйыл партиялардын шайлоо фондуна үч эсе аз каражат түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (КТТ) аткарган иштери тууралуу маалымат берди. БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.

2021-жылдын 24-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 208 млн. 418 миң 372 сом келип түшкөн, анын ичинен 162 млн. 252 миң 129 сому чыгымдалган. Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддоруна 240 млн. 585 миң 745 сом келип түшсө, 182 млн. 84 миң 873 сом чыгымдалган.

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу быйылкы менен 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын үгүт өнөктүгүн каржылоосун салыштырган.

Маалыматка караганда, быйыл партиялардын шайлоо фонддоруна өткөн жылдагыга салыштырмалуу 3,2 эсе каражат аз түшкөн. Ал эми чыгымдалган суммалары дагы 2020-жылдагы шайлоого караганда 4,1 эсе аз.


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 26-ноябрь үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG