Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Шайлоонун коопсуздугун камсыздоого 11 миң милиция кызматкери тартылат


28-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 11 миңдей милиция кызматкери ишке тартылат.

Мындан сырткары 5 миң кызматкер добушканаларды кайтарса, 2 миңдей тийиштүү кызматкер жолдогу коопсуздукту камсыз кылып берет. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

"Шайлоо күнү ар кандай мыйзам бузууларга бөгөт коюу максатында ар бир он добушкананын эсебинде документтештирүүнүн 210дон ашуун тобу түзүлгөн. Шайлоону өткөрүү мезгилинде ишке тартылган күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо үчүн ИИМде жана аймактык бөлүмдөрүндө он ыкчам штаб түзүлдү. Республикалык штаб тарабынан укук коргоо органдарынын жетекчилерине коомдук жана улуттук коопсуздук үчүн ички жана тышкы коркунучтардын алдын алуу, жоюу ишине тапшырмалар берилди", - деди Иманкулов.


Коопсуздук кеңешинин жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жатат. Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 26-ноябрь үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG