Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Акылбек Жапаров акыркы эки күндө добуш сатып алууга катуу көзөмөл болорун эскертти


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга жол бербөө үчүн акыркы эки күндө катуу көзөмөл болорун билдирди. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

"Мыйзам бузгандар кызматтарынан четтетилди. Бул башкаларга мындай ката кетирбөөгө катуу эскертүү болду. Натыйжада тартип бузуулар эки эседен төрт эсеге азайды, партиялардын фонддорунун сарптоосу үч эседен алты эсеге азайды. Бирок ушул акыркы эки күндө акча чачкандарга катуу көзөмөл болорун эскертип коёюн".

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибине алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, Улуттук коопсуздуктун концепциясы жана энергетикалык коопсуздук маселелери чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG