Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Теледебат: Люстрация, коопсуз шаар жана Матраимов


Мелис Мырзакматов, Мирлан Орозбаев, Кубатбек Алымбеков жана Улукбек Карыбек уулу.
Мелис Мырзакматов, Мирлан Орозбаев, Кубатбек Алымбеков жана Улукбек Карыбек уулу.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) саясий партиялардын теле таймаштары уланууда. Бул сапар “Улуттар Биримдиги”, “Улуу Журт”, “Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук Партиясы" жана “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери таймашты. Алардын эфир учурунда айткан урунттуу пикирлерин топтодук.

КТРКнын теледебаттарындагы төртүнчү күнү "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, "Улуу-Журт" партиясынын лидери Мирлан Орозбаев, “Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук” партиясынан өкүл болуп Кубатбек Алымбеков жана "Эл Үмүтү" партиясынын өкүлү Улукбек Карыбек уулу катышты.

Теледебат эфирдин орто ченине барып, суроо-жооп бөлүгүндө кызыды. Талапкерлер люстрация, экономика, коопсуз шаар, саясий куугунтук жана Матраимов жөнүндө суроолорго жооп берди. Бири-бирин кескин сындаган учурлары дагы болду.

Кириш сөздү "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов баштап берди. Мырзакматов партиясы убагында саясий куугунтукка кабылганын, ага карабай таймашты улантып келе жатканын белгиледи.

“Куугунтуктар болду, айланамдагыларга адам чыдагыс кордук көрсөтүлдү. Ошого карабастан биз багытыбыздан, принциптен тайбастан, программабызды өзгөртпөстөн кайрадан саясий айдыңда турабыз”.

"Улуу-Журттун” төрагасы Мирлан Орозбаев партия эски системаны толук өзгөртүү үчүн жарышка чыкканын белгилеп, “Ак үйдөгү мафияны тазалайбыз” деди.

“Президенттен бөлөк эч нерсе өзгөрө элек. “Улуу-Журт” саясий партиясынын негизги багыты эскирген системаны тазалоо”.

“Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук Партиясынан" талапкер Кубатбек Алымбеков “парламентке өтсөк, мамлекеттик кызматта кесипкөй адистердин иштешине шарт түзөбүз” деп программасын айтты.

“Биз болгону мыйзам чыгарабыз. Өлкөбүздү башкарууга элден чыккан өкүлдөрдү жана кесипкөй инсандарды алып келе турган мыйзам жазышыбыз керек".

"Эл Үмүтү" партиясынын өкүлү Улукбек Карыбек уулу катарында жалаң жаштар, жаңы жүздөр бар экенин айтып, муну партиянын артыкчылыгы катары баалады.

“Бүгүнкү саясатка альтернативдүү, мындайча айткан 30 жылдан бери кыргыз мамлекетинин эли, жалпы коом күтүп жаткан люстрация саясатын биз алып келе жатабыз”.

Төрт партия тең алгачкы кайрылуусунда “биз саясатта жаңы жана таза адамдар менен бара жатабыз” деген ойду камтыгысы келген. Дебаттын экинчи бөлүгүндө алып баруучулар жол коопсуздугу жөнүндө собол салды.

"Улуттар биримдиги" партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов Бишкек көчөлөрүнүн биринде уурдалып, өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмүн мисалга тартып, “Коопсуз шаар” долбоорун сынга алды.

“Кечээ бир кызыбызды чак түштө уурдап кетип, эки күндөн кийин аянычтуу жыйынтык менен табылды. “Коопсуз шаар” долбоорун карап чыгышыбыз керек. Айдоочуларга жөн жерден эле айып салып жатышат”.

"Улуу-Журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев дагы “Коопсуз шаар” долбоорун сындап, ал эми жол кырсыктарынын көбөйүшүн мындай чечмеледи.

“Жол кырсыгынын көбөйүшү адамдардын жашоосунун оордугунан. Жакыр жашагандыктан арзан дөңгөлөк салып, машинесин карабайт. Ушулардын баары биригип келип жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келет”.

“Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук Партиясынын" өкүлү Кубатбек Алымбеков мыйзам баарына бирдей иштегенде гана жол кырсыктары азаймак деген пикирин айтты.

“Азыр мыйзам баарына бирдей иштеген жок. Мас болуп алып бирөөнү сүзүп өлтүргөндө колунда барлар кутулуп кетип жатат. Колунда жоктор жазасын алууда”.

"Эл Үмүтү" партиясынан талапкер Улукбек Карыбек уулу дагы “Коопсуз шаар” айдоочулардын чөнтөгүн каккан долбоор” деп кескин сындап, партиянын мүчөлөрүнүн арасында бул система менен күрөшкөн талапкерлер бар экенине токтолду.

“Жол коопсуздугунда, МАИ кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине каршы күрөшүп жүргөн талапкерлер бар”.

Төрт партиянын талапкерлери алып баруучулардын өлкө экономикасы жөнүндө суроолоруна жалпы жолунан бирдей өңүттө жооп берди десек болот. Инвестор тартуу, мыйзамды сактоо сыяктуу шарт түзүү жагына токтолушту.

Телетаймаштын үчүнчү бөлүгүндө талапкерлер бири-бирине суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Карама-каршы пикирлер “Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук Партиясынан" талапкер Кубатбек Алымбековдун атаандаштарына жолдогон бул суроосунан кийин кызыды.

“Отуз жылдан бери Кыргызстанды өнүктүрө албаган аткаминерлер эми өнүктүрө аларына ишенесиңерби? Эгер ишенсеңер ошолордун бирисиңер. Эгер ишенбесеңер программаңарды унутуп бизди колдогула”, - деди ал.

"Улуттар биримдигинин” төрагасы Мелис Мырзакматов мамлекеттик башкарууда жаш-кары деп бөлбөй, тажрыйбасы менен гана өнүктүү жолун сунуштады.

“Мамлекет "мен айдап көрөйүнчү" дегендей машине эмес. Барып алып үйрөнөм эмес, “чү” дегенде эле ишти алып кете турган, бардык жагынан дасыккан кесипкөйлөр гана бүгүнкү кризистен алып чыгат. Көпчүлүгү ойлойт "парламент мектеп, ошол жактан үйрөнөм" деп. Булар үйрөнгүчө эл күтүп отурабы?”, - деди Мырзакматов.

Анын бул пикирине "Эл Үмүтү" партиясынын өкүлү Улукбек Карыбек уулу кескин жооп берди. Ал сөз сөзүндө өлкөдөгү оппозицияны дагы сындап өттү.

“Жаштарды бирде шайлоодо, бирде аянтта митингдерде пайдаланышат. Саясатка келгенде гана жаштар жаш болуп калат. Жусуп Абдрахманов 24 жашында чоң иштерди жасаган. Бүгүнкү оппозициянын дагы тек гана арам ою бар. Баш мыйзамга каршы же кандайдыр бир механизмдер менен бийликти басып алыш керек да өзүнүн саясатын, уурулугун улантыш керек”.

Талапкерлер Мелис Мырзакматов менен Улукбек Карыбек уулунун кайым айтышы эфир аяктаганга чейин басылган жок. "Эл Үмүтү" партиясынан талапкер Улукбек Карыбек уулу Мырзакматовдон Ош шаарындагы жерлерди менчиктештирүү жөнүндө маалымат чыкканын сурады. Мырзакматов ал маалыматтар жалган экенин айтып жооп берди.

Өз кезегинде "Улуттар биримдигинин” лидери Мелис Мырзакматов "Эл Үмүтү" партиясында кылмыш иши козголгон саясатчынын баласы бар экенин айтып, буга чейинки Улукбек Карыбек уулунун “карапайым жаштарбыз” дегенин сындады. Улукбек Карыбек уулу талапкердин атын ачык атаганын сындап, улутуна карап бөлбөөгө чакырды.

Ал эми телетаймаштын элден келген суроолорго жооп берүү бөлүгүндө "Улуттар биримдигинин” лидери Мелис Мырзакматов өзүнө карата Оштогу эстакада көпүрөнүн курулушу боюнча жасалма кылмыш иши козголгонун айтты. Мырзакматов “Улуттар биримдиги” оппозициялык партия эмес экенин билдирди.

“Мурдагы режимде куугунтук жегенибизди айттык. Жасалма оппозиция эмеспиз. Эч качан өзүбүздү оппозиция деп жарыялаган эмеспиз. Тек гана мамлекетти оңдоого бараткан күчпүз”.

"Эл Үмүтү” бийликчил партиябы?”, - деген суроого Улукбек Карыбек уулу “бийликтин кол баласы эмеспиз” деп жооп берди. Бажы башчысынын мурдагы орун басары "Райымбек Матраимов коррупционерби же жокпу” деген суроого мындай деген жооп узатты.

“Эми коррупция дегенде Райымбек Матраимовду фишка кылып көрсөтүп алышты. Чынын айтам, эгерде коррупция кылса, укук коргоо органдары жазалашы керек. Сот эмне деп чечим чыгарды? Коррупцияга шек саналдыбы же коррупционер дедиби? Эл көрүп жатат. Анан муну биздин оозубуздан угуштун эмне кажети бар? Эл баарын билет".

"Улуу-Журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаевге жаңы талкууга коюлган "тил мыйзамы" боюнча суроо келди. Суроодо орус тилинин статусу камтылган. Орозбаев жаңы мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынбашы керектигин айтты.

“Бул кичине эрте кабыл алынган чечим. Кыргызстан чоң ийгиликке жетиши үчүн эл аралык мамиле түзгөндү билишибиз керек”.

“Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук Партиясы" 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин “Ак-Жол” партиясына кошулганын унутуп калды деп ойлойсуңарбы?" деген суроо узатылды. Ага аталган партиядан талапкер Кубатбек Алымбеков мындай жооп берди.

“Биздин партия 2005-жылы түптөлгөн. Андан бери эч ким иштеткен эмес. Лидери Айбек Алыбаев деле чет өлкөдө жүргөн. Азыр атына байланыштуу алып чыктык”.

Жалпы жолунан аталган төрт партиянын өкүлдөрү жогорку бийлик жетекчилерине сын айткан жок. Болгону “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов президент Садыр Жапаровго кайрылып, үгүт кампаниясында болуп жаткан мыйзам бузууларга чара көрүп, таза шайлоо өткөрүүгө чакырды.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG