Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Айзаданын өлүмү: милициянын иши прокуратуранын көзөмөлүндө


Айзаданын өлүмүнө байланыштуу беш адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу беш адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин иши прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мекеме милицияларга карата "шалаакылык" беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши токтотулду деген маалыматты четке какты.

Буга чейин Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү Ормон Амангуловдун айтканына таянып, милиционерлерге байланыштуу иш токтогонун Facebook баракчасына жазган. Анда иш Башкы прокуратура тарабынан токтотулганы айтылган.

Башкы көзөмөл органы бул маалыматты четке кагып, кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында тергелип жатканын билдирди.

Быйыл 5-апрелде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, анан өз жанын кыйган.

Каргашалуу окуядан кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилгени расмий жарыяланган. Бишкектин прокуратурасы да Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин «Шалаакылык» беренеси менен тергеп-иликтей баштаган. Жарандык активисттер Айзаданын өлүмү үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан.

14-сентябрдагы отурумда сот Айзаданын өлүмүнө катышы бар деп табылган беш кишини күнөөлүү деп тапты. Алар - Сыймык Молдосариев, Ажикабыл Рысбай уулу жана Орузбек Нурумбетов жети жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов алты жарым жылга кесилди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG