Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:44

Оркестрди сактап калган Керексизов же меценат деген ким?


Аманбек Жапаров менен Ташкул Керексизов. Архив сүрөт

Төрт-беш жыл мурда коомдук жана мамлекеттик ишмер, айтылуу меценат Ташкул Керексизовдун Чоң-Арыктагы үйүнө барып короосундагы чоң боз үйдүн жасалгасын көрүп, бир топко аңгеме дүкөн курган элек.

Анда Ташкул аба Ысык-Көлдөгү “Аалам Ордону” бүткөндөн кийин Түптүн Талды-Суу айыл аймагынан “Шам-Бала” деген этно-айыл түптөрүн, Кыргызстандын тоолуу райондорунан 12 жаштан 17 жашка чейинки балдарды топтоп кыргыздын каада-салт, үрп- адаттарын, заманбап үлгүдө окутуп тарбиялап, хоккей спортуна машыктыруу, бир нече чет тилин үйрөтүп, дары чөптөрдүн уругун септирип өстүрүү, бал челек карматып балдарды эмгекке, бизнеске үйрөтүү сыяктуу кыял-тилегин айтып берген.

Ысык-Көлдүн айланасындагы бош жаткан жерлер жеке менчикке өтүп кеткенине байланыштуу ошол жерлердин ээлери менен сүйлөшүп, келишимдин негизинде жалпы көл өрөөнүндөгү элге көчөт сатып берип ирригациясына колдоо берип, көлдү айланта карагай, кайың, тал-терек, алма, өрүк, карагат, малина, кулпунай тиктирип, чөп, беде септирип жасалма токой өстүрүүнү - көлдүн экологиясын сактоо планын кеп кылган.

Мында жергиликтүүлөр алма, өрүк, карагаттын мөмөсүн алып, отун-суусуна карагай, тал-теректерди пайдаланып малына чөп-чарын камдап алаарын, “жашыл экономиканын” жөнөкөй формасын колдоном деген.

Дагы бир кыялы – Балыкчынын күн батышындагы авто жолдун жээгиндеги балык, жер-жемиш жайма базарды андан төмөнүрөөк жылдырып, илгерки “Улан” ресторанынын тушуна үстү чатырланган чакан балык базарын ачтыруу, бак-дарактын жалбырагын кайра иштетүүгө ишкана курдуруу кыялы бар эле.

Инвестор таап тогуз жолдун тоому болгон Балыкчыдан Кочкорго кете турган жолдун күн батыш тарабына “Көл-Арт” галереясын, 250-300 кишиге ылайыкталган концерттик залы менен этно-музей, этно-ресторан, этно-дүкөн, жүргүнчүлөр дем алгыдай көк майсаң аянтча курдурарын айтып кыялданган эле.

Сөз арасында Ташкул аба тапкан ташыганын элдин, кийинки муундун кызыкчылыгы үчүн жумшарын, ал үчүн Кыргызстанда меценаттык, демөөрчүлүктү өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, Жогорку Кеңешке меценаттыкты мамлекет тарабынан коргоо жана колдоо, салык, бажы төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү мыйзамын сунуштарын билдирген.

“Эне-Сайдан балбал таш, саймалуу таштарды алдыртып, бул жактагы таш эстеликтерди кошуп, Балыкчынын батыш тарабындагы жайдак жерге “Ташкул” атындагы ачык асман алдындагы музейди түптөйм”, - деп жыргап күлдү эле кайран киши...

Тилеке каршы Ташкул аба 2021-жылы акка моюн сунуп, жогорудагы максат-кыялдарын ишке ашыра албай калды.

Бул макаланы жазып жатып, президент инвестор таап, “Асман” деген шаар салдыруу амбициялуу долбоорунан мурда инвестор менен - Ысык-Көлдү айланта токой өстүрүп “Жашыл экономиканы” баштаса же Керексизовдой бир меценат анын ишке ашпай калган жогорудагы кыялдарынын бирөөнү эле ишке ашырса, карапайым калк, келечек муундарга, табиятка пайда болор беле деген ойго келдим.

Кезинде Ташкул аба даңазалуу маэстро Асанкан Жумакматовду колдогону эске келет. Айрым мамлекеттик чиновниктер “каржыны үнөмдөйбүз” деп, КТРдин алдындагы Академиялык симфониялык оркестрди таратып жиберген. Ошондой Ташкул аба меценаттык кылып, кайрадан топтоп, өлкөдөгү бирден бир симфониялык оркестрди сактап калган. Оркестрге аспап саттырып берип, мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгегин кымбат баага алып, айрым өнөр адамдарына акчалай, материалдык колдоо көрсөткөнүнө күбө болгом.

Ташкул Керексизов сүрөт академиясынын академиги, Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” менен “Аалам Ордо” маданий борборлорун курдуруп, “Аалам Ордону” толук бүтүрө албай калган. Ал III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

2021-жылы 7-майда 73 жашында Бишкекте акка моюн сунган. Өзүн меценатмын деп эсептөөчү. Азыр айрым акчалуу азаматтар “меценатбыз” дегенин угуп калам. Кээде клип тарттырганга каражат берип, анан меценатпыз дегендин өзү акылга сыйбаган нерсе болуш керек.

Меценат деген - көркөм өнөр, маданият, адабиятка, илимге иш жүзүндө колдоо көрсөтүп жеке каражатын жумшаган адам.

Меценат ким?

Гай Цильний Меценат б.з.ч. 60-80 жылдарда Байыркы Рим империясынын ишмери жана искусствонун колдоочусу. Өкүмдар Октавиан Августтун жеке досу жана маданият министри деңгээлиндеги адам болгон. Байыркы кезде эле сүрөт искусствосунун күйөрманы, акындардын колдоочусу катары меценаттардын ысымы элдин сыймыгына, атагына айланган.

Нечендеген падыша, өкүмдарлардын аты-жыты тарыхта калбаса да Гай Меценаттын ысымы тарыхтын алтын барагынан түбөлүктүү орун алып, алигиче ысымы ардакталып келет. Кийинки муундагы ишкерлер, бай-көпөстөр, акын, искусство, адабият, маданият, илимге каражат бөлүп, Гай Меценаттын ысымын алып жүрүүнү адат кылып, өздөрүн анын урматына меценат деп атап келишет. Тарыхта меценаттык XVI-XVIII кылымдарда абдан өнүккөнү белгиленет жана азыркы маалда дагы өзүн меценат эсептегендер көп.

Орусияда 13-апрель - меценаттар күнү катары белгиленет. Бекеринен бул күн тандалып алынбаган. 13-апрель Гай Цильний Меценаттын туулган күнү.

Мисалы, Москвадагы Склифасовский атындагы ыкчам жардам көрсөткөн оорукананы граф Шереметьев өзүнүн каражатына курдуруп ачса, көпөс Павел Третьяков сүрөтчүлөрдөн сатып алган сүрөттөрү менен П.Третьяков атындагы сүрөт галереясын негиздеген. Меценат Савва Тимофеевич Морозов болсо XIX кылымдын соңунда Москва көркөм театрын (МХТ) курдуруп каржылаган. Константин Станиславский: “Искусство өнүгүп өсүүсү үчүн, меценаттыкты дагы өнүктүрүү зарыл” деп айтканы бар.

Көпөс Морозовдун жубайы Варвара Морозова жеке каражатына Тургенев атындагы китепкана салдырган. А.А.Бахрушин болсо XIX кылымда Бахрушин атындагы театр музейин негиздеген. Орус живописинде шедевр жараткандар дагы меценаттарга байланыштуу болгон.

Союз кезинде меценаттык, буржуазиялык көз караш, антисоциалдык эски элемент делип каралган.

Кыргыз Республикасы өз алдынчалыкка жетишкенден кийин Ташкул Керексизов, “Шоронун” негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев, “Дордойду” түптөгөн Аскар Салымбеков, көк бөрү улуттук оюнун сактап, кайра жандандырган саясатчы, ишкер Болот-Шер жана төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүп, “Айтыштын” негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз меценат деп аталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG