Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Элдин эсиндесиң, Бүбүш!


Бүбүкан Досалиева.

5-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада коомдук ишмер, чыгаан журналист, саясат таануу илимдеринин кандидаты Бүбүкан Досалиеванын “Эфирде мезгил тарыхы” менен экинчи жолу басылган “Энелер жөнүндө баллада” китебинин бет ачар аземи жана “Эмгекти туудай сүйгөн кыз, эл үчүн дайым күйгөн кыз” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өттү.

2020-жылдын 5-июлдагы суук кабар Бүбүкан Досалиеваны жакшы тааныган адамдардын сай-сөөгүн сыздатты, муңдантты. Маңдайына жазылганы ошол экен ажалга айла жок дешти айрымдар.

Бүбүкан экөөбүз далай жыл бир кеңседе иштедик. Курбалдаш элек. Мен аны Бүбүш деп чакырчумун. 62 жашында эле бул жарыкчылык менен коштошуп кеткенине ишене албай жүрдүм.

Анткени ал өмүрдү ушунчалык сүйүп, энергиясы ашып-ташып турган жан болчу. Үй-бүлөсүн, Кыргызстанды, мекендештерди, жашоону, өзгөчө кесибин сүйчү. Узак жашоого акылуу эле.

Анын “Энелер жөнүндө баллада” китебинде: “Нукуралуулук азайып, нарк насыл, уят жана жеке жоопкерчиликтин баасы басаңдап баратат. Ичи тарлык менен көрө албастык адамды курттай жейт” деп жазгандай бул жалган жашоодогу, коомдогу ыплас иштер өмүрүңдү кыскарттыбы деп да кетем.

Оозуңа сала бергенсип, “Биз өлгөндө эл эстегидей иш жасайлы” дептирсиң. Ооба Бүбүш, элдин эсинде калчудай иш жасадың. Үлгүлүү жүрүм-турумуң, жаркылдаган мүнөзүң, адамдык асыл сапаттарың менен сени билген замандаштарыңдын, биздин эсибизде калдың.

Жаның тынбаган эмкечилдигиң, мээнеткечтигиң, ыкчамдыгың, кандай иш болбосун аягына чыгарып таза, тыкан, үзүрлүү, майнаптуу иштериң, жайдары мүнөзүң менен үлгү болгонуңду эч унутпайбыз.

Анын “Энелер жөнүндө баллада” китеби 2014-жылы жарык көргөн бул жолку чыгарылышы экинчи жолу басып чыгарылды. Китепте жазуучу, журналист иниң Жеңиш Эдигеевдин “Элде сулуулук тууралуу дагы бир аңыз калды” деген эскерүүсү бар экен.

“Жаамы калкты кайгырткан суук кабар биринчи Бүбүсара Бейшеналиева, экинчи Таттыбүбү Турсунбаева акка моюн сунганда болсо, үчүнчү Бүбүкан Досалиева мезгилсиз дүйнө салганда мүлдө калктын кабыргасын кайыштырды”, - деди кесиптеш агаң Эсенбай Нурушев.

“Энелер жөнүндө баллада” - үй-бүлөлүк адеп-ахлакты, улуттук нарк насилди эч бир ойдон чыгарбай суу кошпой, фантазиялабай, окурманга таңуулабай жазган эскерүүң муундан муунга кала турган баа жеткис таберик болооруна бөркүмдөй ишендим.

Доорго из салган Досалиева
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:48 0:00

“Шоопур Бүбүш”

Бир ирет жамаатыбыз менен Ысык-Көлгө бир күндүк эс алууга барып, Шамшыкем экөөбүз “ой да” бир эс алыптырбыз, эртең менен ашаткы эле жыттанып калыптырбыз. Түштө Бишкекке кайта турган болдук. Жолдун баары МАИ кызматкерлери. Мен өзүмдүн автоунаам менен баргам. Кантип кетеримди билбей, беймаза болуп турганымда Бүбүш келип:

- Келе ачкычыңды, макул десең мен айдайын. “Кока-Коладан” башка ичкен жокмун,- десе болобу.

- Кудай жалгасын, -дедим.

Бүбүш бөтөлкөгө суу алып келип автоунаанын терезесин таза жууп, рулга отурду. Жөн отурбай алдыдагы электр приборлорун карап, текшерип көрдү.

Тормозду басып көрүп, от алдырып, ордунан жылдык. Көзүмдүн кыйыгы менен улам карап, бушайман болуп жатам. Айдаганы ишенимдүү, автотрассага чыкканда жол эрежесин карап, айыл ичинде алтымыштан ашырбай аяр айдаганын көрүп, тырышкан денемди бош койдум. Боом капчыгайынан кооптондум эле, бир убакта Боомдон чыгып Кеминди кесип өттүк. Унаа бир калыпта зымырайт. Бүбүш кабагым-кашым дебей кесипкөй шопурдай рулду башкарып келди. Жолду катар, ал түгүл шаар ичинде дагы жол эрежесин бузбаганын кантейин.

“Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунаасы кийген кийиминдей дайыма таза жаркырап турчу. Кээ бирде өзүмдүн унаамдын чамбылаласын көрүп, анын унаасынын жанына токтотпой, алысыраак жерге алып барып койчумун. Кийин анын унаасынындай таза, чыкыйтып кармаганга аракет кылып калдым. Жалдагы үйүнүн жанына токтогондо:

- Рулу сол жакка тартат экен. Устага каратып, оңдот, - деп моторду өчүрдү. Муну менен Бүбүштүн техниканы дагы мыкты өздөштүргөнүн белгилегим келди.

“Эфирде мезгил тарыхы”

“Эфирде мезгил тарыхы” китеби
“Эфирде мезгил тарыхы” китеби

“Эфирде мезгил тарыхы” китебин көзү тирүүсүндө басмага даярдаптыр. Китепке анын ЖМКга жарыяланган макалалары, маектери, замандаштарынын эскерүүлөрү, каалоолору, ага арналган ырлары басылган.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Кай бирде мактагандан кызганып, кечээги Каныкей менен Айчүрөктү, Кыз Сайкал менен Жаңыл мырза, Курманжан датканы мисалга тартабыз. Кыргыздын Бүбүкандай кыздарынын алардан эмнеси кем” деп, “Кыргыз журналистикасынын ханышасы” деген баасын бергени бекеринен эмес.

Кандидат Бүбүш

Радионун иши нары татаал, нары жоопкерчиликтүү. Ал учурда бир күндө үч-төрт материалдан даярдачубуз. Бүбүш радиодогу жумушунан сырткары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады. Аны аяп, эс алсаңчы жаныңды кыйнабай десем, жаркылдап “эс алчу учур да келээр” деп компьютерден башын көтөрбөй илимий иштерине киришчү. Көгөрүп жүрүп, “Кыргызстандагы ЖМКлар: саясий-укуктук аспект” аттуу илимий монографияны жазып, кандидаттык диссертациясын жактаган. Элүүгө чукул илимий макалаларды жазды. Турмушумда мыкты окуган көп кыз-жигиттерди жолуктурдум. Айрымдарына илимий ишиңди улантып кандидаттыгыңды жактасаңчы?-деген сунуштарымды айттым. Көпчүлүгү ага батынбады. Бүбүш болсо, өжөрлөнүп, чыйралып, изденип талбай иштеп, кандидаттыгын ийгиликтүү жактады. Мен ошондо ага абдан сыймыктангам. Кесиптеши, курбусу Бурул Сарыгулова экөөнүн “Кулдай иштеп, хандай жашоо керек” деген ураанын эстедим.

“Азаттык”/“Эркин Европа” үналгысынын Кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редакторлугунан сырткары, кээ бир кезде түн жарымында илимий-педагогикалык иштерине даярданчу. “Үйдөн оокат-тиричиликке алаксып жарытылуу иштей албайм. Бул жерде (жумуш орду) жакшы ой, мыкты идеялар жаралып, иштегенге ылайыктуу” деп калаар эле. Жумушка дагы майрамга келгендей келчү.

Эл артисти болмок

Бүбүштүн ырчылык жөндөмү дагы өзгөчө болчу. Чогулганда же табиятка эс алганыбызда Бүбүштү “ырдап кой” деп жанын койбой жаалап кетчүбүз. Андайда экиленбей, тартынбай “Ысык-Көл жашоо жыргалындай” деп үн созгондо баарыбыз мукамдуу үнгө арбалып, анын абазына ыргалып ырахатка батчубуз. Үнү лирикалык сопрано, жөн эле ырдап кутулайын дебестен жан дүйнөсү менен эргип созолончу. Көрсө, Бүбүш университетке окууга өтпөй калганда бош жүрбөйүн деп опера, балет театрынын алдындагы студиядан дагы окуп, вокалдык тажрыйба алган тура.

Эгерде Бүбүш ырчылыкты аркалаганда эчакта "Эл артисти" наамынын ээси болмок дейм. Ал Т.Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драма театрынын адабият бөлүмүн жетектеп турганда таанышып, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасы боюнча тартылып жаткан киного Алимандын ролун аткаруу үчүн кино-фото сынактан өтүп кетүүнү сунуштадым.

“Алиманды ойногонго театрда мыкты актрисалар толтура, тиги Тынараны (авт. Тынара Абдыразаева) тарткыла, ылайыктуу”, - деп сыпайы баш тарткан. Бүбүш ырчылык- актрисалык кесипке окубаса дагы анын турган турпаты, жан дүйнөсүн чыгармачылык чырмаган, көп кырдуу эле. “Таланттуу адам бардыгынан таланттуу” деп бекер айтылбаган чыгаар.

Бүбүш келатканда чыйралып чыкыйып калчубуз. Биз силерди “Үч мушкетер” дечүбүз. Бүбүш, Бурул Сарыгулова, Жаркын Темирбаеванын адамдык сапаты кесипкөйлүгү, жароокер мамилеси, жайдары мүнөздөрү “Азаттыктын” кыздары эле эмес, жалпы жамааттын духун көтөрүп, ынтымагы ырыс-кешик чачырап, иштин майын чыгарып, эс алганда да бир үй-бүлөдөй ынтымактуу өткөрөр элек. Бир туугандай бирибизди-бирибиз кадыресе сагынаар элек. Сагынтып бизди арабызда сен жоксуң, Бүбүш!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG