Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Бүбүкан, эмнеге, кайда шаштың?..


Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

Атаңгөрү, арман дүйнө, апааттын азабы жай саратанда чындап башталды окшойт. Күн кур эмес кайгылуу кабарлар. Жылда кайнап кетчү жайдын кабагы салынып же жаап ийбей, сургулданган бозала асманын таштап ийчүдөй болуп туру.

Мына бүгүн таң ата көнүмүш адатымча соцтармакты ачсам кара кыйшык арчындамада Бүбүкандын сүрөтү. Алгач ишенбей, кайсы бир ниети каралардын осол тамашасыбы деп абай салсам ак пейил, жаракөр, кыйла жылдардан бери бир туугандай болуп калган кесиптешим Бүбүкан Акматжан кызы акка моюн сунуптур. Ушундай да болобу, кечээ оорубай-этпей тирүү жүргөн Бүбүкан кара чым жамынып боз топурак алдында жатып калабы? Ажал каш-кабактын ортосунда деген ушул тура. Кыргыз атын кылымга таанытар Зайырбек Ажыматов акын капыс ажалдын жетегинде кеткенде аябай кайгырып ыйлап, көз жаш төккөн Бүбүкан бүгүн жакшы көргөн инисинин артынан кетип калабы?!

Бүбүкан жашоону аябай жакшы көрчү. Жакшылыкка чогулган жерде «Өмүр» деген керемет ырды кемелине келтирип аткарчу. Ал ырдачу саналуу ырлардын баарында жашоо-турмуштун оомал-төкмөлү, чиешкен тамырлары, чоң өкүтү баяндалчу, өмүрдөгү арылгыс арман уккан адамдын качанкы бир кездеги өксүгүн эстетип жиберчү. Бул жашоонун кыскалыгы айтылчу, оор ойлордон алыс бегана адамды деле муютуп койчу. Нукура өнөр адамга төрөлгөндөн кошо берилет окшобойбу. Ошол туулган жеринен кошо ала чыккан шык-жөндөмүн бапестеп, таптап-куштап бакса укканды, көргөндү таңдандырган керемет жаралат экен. Жанагы «Өмүр» ырын Бүбүкан ушундай аткарчу. Аны мындан эки жыл илгери туулган күнүндө чогулган элдин алдында өзгөчө бир маанай менен ырдап берди эле. Мага ошондо мындай керемет чыгарманы кемелине келтире аткарган адам дегеле өлбөчүдөй, телегейи тегиздей сезилген. Дуулдаган көпчүлүк алдында толкунданган Бүбүкан бул ырды уккандан тартып эле сүйүп калганын, көңүлүнө төп келгенин айтты эле.

Негизи эле жашоо-өмүргө тойбогон пенде баласынын тээ алмустактан бери келаткан арманы андай чыгармага экинчи өмүр берип, аткаруучулары арбып, бирок арасынан аны аябай бапестеп, кастарлачулары аз болору белгилүү го. «Өмүрдү» Бүбүкан чынында эле мыкты ырдачу. Анан жашоого тойбогон пенде баласынын ичтеги арманын келиштире чагылдырган чыгарманы уккан сайын Бүбүканды эстээрибиз, анын капыс өлүмгө туш келгенин ойлоп арман кыларыбыз ал кезде кимдин оюна келиптир?! «Өмүр» мундуу, кайгылуу кайрыктары, те көңүл тереңиндеги өкүттөрү менен Бүбүканга жаккан окшойт. Андагы санаалуу кайрыктар кыял-сезимин козгоп, анын жакшылыктарда ырдалчу жан жолдошуна айланып калгандыр. Бүбүкан жалаң ал ыр эмес, кыргызча классикалык чыгармаларды мыкты ырдачу. Ким билет, журналистика өрүнө талпынбай, музыка жагына оосо андан мыкты ырчы чыгар беле.

Ажал деген азезил жаш-карыга карабай аңдыганын алат экен. Өткөн жылы кесиптештеримдин эң жашы, баралына келгенде кыргыз атын дүйнөгө таанытчу Уланбек Эгизбаевди ажалга алдырып ийип чуру-чуу түшүп калдык эле. Мындан бир ай илгерирээк акыреттик досунун артынан кеткен даана акын Зайырбек Ажыматовдун азасы сууй электе минтип кыргыз журналистикасынын алптарынын бири Бүбүкан Досалиева акка моюн сунуп кете берди. Соцтармактагы жайнаган сүрөттөрүн, ал жөнүндөгү эскерүүлөрдү окуп отуруп чейрек кылымга жакын чогуу иштеген кезди, кыял-жоругун, баарынан да киши көңүлүн калтырбаган ак көңүлдүгүн, сезимталдыгын, зиректигин эстедим.

Бүбүкандын өтүп кеткенин билдирген кабарларга ишенип-ишенбей отурсам таң азанда Тилектеш абам телефон чалат. «Э, Бекташ, айланайын, ушундай да болобу, Бүбүкан ушинтип кетип калабы?» дейт. Эмне деп айтмак элем? Ушу тапта Бүбүкан миллиондогон көрүүчү, угуучу, окурмандарынын ичин эңшерилтип, баарын «кантип эле ушундай болсун» деген суроого такалтып отурат. Кечээ эле жаркырап-жайнап, өлүмдү ойлобогон кесиптешиң кайтпас сапарга аттанып кетсе кимдин да болсо кабыргасы кайышат экен. Иш жоопкерчилиги дегенде өзүн аябаган Бүбүкан жөн убакта аябай тамашакөй, ырдаса ыры, сүйлөсө сөзү орундуу, бардык нерсеге олуттуу караган, а бирок жан дүйнөсү жапакеч, мээримдүү жан эле. Кээде мен тамашалап: «Эркек эле болуп калсаң эмне!» - десем: «Ой, байке, айтасыз да, дейсиз да», - деп койчу. Иш боюнча кайрылып калсаң маселени шар чечип, колунан келген жардамын аябаган алпейим жан болчу.

Журналистиканын кош салаасы теле менен радионун кесиптик сырларын мыкты билген Бүбүкан жаңылыкка ынтызар, кесиптик ишке керектүү нерселерден кыя өтчү эмес. Өлкөдө болуп жаткан жаңылыктардын кайсынысы маанилүү экенин, эмнелерди эфирге алып чыгыш керек экенин жакшы билип, ишин тыкан уюштурчу. Кайсы бир экспертти же талкууга алынчу маселени мыкты билген адисти таап, аны студияга келүүгө макул кылуу деле кыйла түйшүктүү жумуш. Анысынан качпай керектүү кишини таап, угарман менен көрөрманга сунуш кылчу материал кызыктуу болушу үчүн болгон аракетин кылчу. Анысы «Ыңгайсыз суроолор» баштаган берүүлөрүнөн байкалып турчу. Негизи эле ал ишке келгенде убакты-саатын, турмуш-тиричиликтин ыбырсыган түйшүктөрүн түгөл жыйыштырып салып, жумушун так, мыкты, кынтыксыз аткарууну жактырчу. Андайга жетиш үчүн күндөп-түндөп аракет кылып, такай изденүүдө жүрчү.

Ал өзү ошол жумуш абыгерчилигинде ойдо жок жерден капыс ажалга алдырып коёрун сезбей деле калды окшойт. Антип ойлоого убактысы деле болбоду шекилдүү. Алышкан оору чалып жыкканча үйдөн иштеди, кеңсеге келип уктурууларды жасап жүрдү, күчөп бараткан апаат аны аңдып калганын, убакты-сааты чакталуу экенин туйбай түбөлүккө узап кете берди.

Арман дүйнө, Бүбүкандын минтип ойдо жок жерден ажалга алданып кетерин билгенимде Бакайдай болгон элпек Шакемди алдыма салып экинчи кабаттагы кичи ашканабызга кирип, коюу демделген кофени уурттай-татып узун сөзгө кирбес белек. Студенттик кезден берки кызыктуу-кызыксыз окуялардын кыйласынын келебин чукуп, өткөн-кеткенди божурашып келет элек, арман. Бүбүкан менен сүйлөшүп отурганыбызда бирибиздин улуубуз, экинчибиздин кичүүлүгү деле эске алынбай көргөн-билгендер каркырадай тизилип көз алдыга тартылчу. Эми сени эскеребиз, Бүбүкан. Майрам тоскон, батага барган, жер кыдырган, мас-соо күндөр, өткөндүн баары кийин минтип арман болуп калат тура. Кыйла жыл «Азаттыкта» чогуу иштеп, биралдын кесиптеш, бирибизди бирибиз түшүнгөн теңтуштар болуп калган экенбиз. Ошондой узун-кыска отуруштарда Шакеңдин кызык кебин угуп чер жазылып, күлкүбүз жаңырган, бош боло калганда кобурашып отурчу учурларды минтип арман менен эстеп каларыбыз анда ойдо жок...

Арман дүйнө деген ушул, апааттын айынан көбүбүз үйдө болуп кийинки кездери кездешпей да калган элек. Жабышкак оору баарыбызды төрт дубал ичине камап, чанда бир көчөгө чыгып калсаң башкаларга зыяным тийбейби деп өзүңдөн өзүң эле оолактап, коогалуу сезим жөргөмүштүн желесиндей тооруп турса кайдагы аңгеме да, кайдагы сүйлөшүү? Капыс оору аң-сезимиңди биротоло чырмап, ушундай кысталыш кырдаалда «чыкпа» десе чыкпай, «отур» десе былк этпей отуруштан башка аргабыз жок. А сыртта кабагы бүркөө өмүр акырын жылып өтүүдө. Ошондон Бүбүкандын ооруп калганын, алышкан дарттын азабын аябай тартканын кеч уктук. Ага ушу азыр деле ишенип-ишенбей отурабыз.

Бу балакеттүү илешкек дарт бизди дагы көп ыйлатат окшойт. Армандуу өлүм Зайырбек Ажыматовду алып кеткенде боорукер Бүбүкан өзгөчө күйүп, көзүнүн алды шишимик тартып калганын байкагам. «Кыргыздын мыктылары ушинтип жапжаш кете береби?» деп шуу үшкүрүп отурганын көргөм. Карабайсыңбы, аңдыган ажал анын өзүн алып тынды.

Ал үчүн чыгармачылык иштин убакты-сааты, күнү-түнү дегени жок болчу. Баштаган жумушун аягына чыгарганча жаны тынбай, жалаң ошонун камы менен жүрчү. Мынчалык текстке кадалып, ишке баш-оту менен кирип кетүүнү «Азаттыкка» жаңы келгенде Салижан Жигитовдун колуна түшүп, ошол кишиден көп жакшы нерселерди үйрөнгөнүн сыймыктануу менен айтчу. Айтымда бир ирет улуу устат 85тен ашуун бет макала жазып, ошонун төрт-беш бетин эле калтырган го кыязы. «Беш беттик материалды жазыш үчүн сексен бетти тамгага толтуруштун канчалык кажаты бар эле?» - десем: «Салижан агай текстке аябай маани берчү, колуна тийген кагазды кызыл-ала кылып оңдоп ийчү. Агайга уят болбойлу деп жан талашчубуз», - деди эле, ыраматылык.

Ошондой ишке берилген улуу муун устаттардын тажрыйбасын көкүрөгүндө сактап калган Бүбүкан таанып-билгендерин жаңы муун журналисттерге берди. Практикалык иш менен теориялык билимди талап кылган тармакты чогуу ала кетүү убакты-саатына сараң, ишти так, тыкан уюштура алган гана кишинин колунан келет. Радиого материал даярдап, анан студенттерге барып сабак бериш, буга кошумча илимий иш жазуу түйшүгүнө чыдаш керек. Чыдамкайлык Бүбүканда күчтүү болчу, кайсы бир ишин бүтүрүш үчүн убакты-саатына карабай аягына чыкмайын иштей берчү.

Журналисттик ишке ушунчалык жоопкер, олуттуу караган кесипкөйлөр чынында эле аз. Бүбүкандын кыргыз ойчулдарынын дарканы Салижан Жигитов менен чогуу иштешип калышы, андан алган сабактары текке кетпей, журналисттер журтундагы мыктылардын бири, кыргыз угармандары менен көрөрмандарына жылаажын үндүү автор катары белгилүү болду. Бүбүкан кыргыз журналистикасынын алптары менен чогуу иштеген кездерин кээде айтып, кызыктуу учурларын эскерип калчу.

Ал эми анын өзүнүн ишке карата жоопкерчилигин ачык көрсөткөн бир окуясын айтып берүүнүн ушу азыр удулу келип туру. Жаңылбасам 9-май - Жеңиш күнүнө карата материал даярдаш керек болуп, Бүбүкан советтик баатыр Дайыр Асановду бир жумадай издеди окшойт. Акыры ал кишини бир жерден таап сүйлөтүп, видеосун да тартып, үнүн да алып жумушка өзгөчө бир кубаныч менен келгени эсимде. Ошол кыска сюжет үчүн канча күнүн, убактысын коротту! Мени таңдандырганы - кыргыз баатырын үйүнөн, иштеген жеринен таба албай, кайсы бир жерде конокто отурган учурунда таап, ал кишини сүйлөп беришке макул кылганы болду. Айрымдар көңүлү жоктугун же убактысы тартыштыгын айтып микрофонго жологусу келбейт. Аны көндүрүп, убактысын таап тартып алыш сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен кыйла эле түйшүктүү жумуш. Мындай окуялар журналисттерде көп болот го.

Жаңы кылымда кыргыз журналистикасынын формасы да, мазмуну да өзгөрүп, мурдагыдай текст эмес, окуянын үнү менен сүрөтү, видеосу, анан да аудиторияга ошол замат жеткирилиши маанилүү болуп калбадыбы. Бүбүкан анын бардык салаасында күчүн сынап көрдү. Аз убакыт сайт жетекчиси, ал түгүл мындан он жыл илгери Ак үйдөгү аткаминерликтин милдетин да эки жылдай аткарып калды. Журналисттик ишине айкаштырып окутуучулук, болочок журналисттерди даярдоого да кыйла убакты-саатын жумшады. Журналистиканын тарыхы менен теориясына кызыгып, илимий иш жазып, анысын коргоп, изилдөөлөрүн улантып доктордук диссертациясынын камылгасында жүргөн. Мунун баарына ал кантип жетишкени өзүнчө узун сөз. Бирок ал жетишчү. Анткен менен анын бу турмуштагы арзуусу, сүйгөн иши журналисттик иш болчу. Журналистиканын практикасы кызыктырчу.

Табият берешендик менен ага көрк-келбет, анан да жагымдуу үн берген экен. Ошонусу менен деле токтоп калса болмок, бирок аларына талыбаган мээнеткечтикти кошуп коюп атпайбы. Мына ушул сапаттары Бүбүканды башкалардан айырмалап, аттын кашкасындай болуп алыстан көрүнүп турчу. Мындай деңгээлге ал ириде мээнеткечтиги, көп окугандыгы, өмүрү өткөнчө жаңыны билүү, өздөштүрүү аракети аркылуу жетишти. Көгүлтүр экранга чыгабы же радионун микрофону алдында сүйлөйбү – баарына тыкан даярданып, кагазга түшчү текстке өзгөчө талап койчу. Кез-кез жаш кезин эстегенде Калык экөө кичинекей балдарын бакчага ташып, анан жумушка чуркап, иш деп кеч келип эрте кетип жүргөнүнө күйөөсү бир да жолу нааразы болбогонун айтып, ыраазы болуп калчу.

Ойлоп көрсөм Бүбүкан менен кесиптеш болгонума деле чейрек кылымга жакын убакыт өтүп кетиптир. Илгери Бишкекте иштегендерди «алтын калаа Прагага» ашып барса үч айга чакырышчу. Ошондой кездердин биринде Бүбүкан менен «Азаттыктын» чоң кеңсесинде чогуу иштеп калдык. Жыргал кез экен азыр ойлосом. Жаркылдаган кооз шаардын бир топ тарыхый-маданий жерлерин кыдырдык, ал жердеги кесиптештер Чехиянын кооз жерлерине алып барышчу.

Прага десе эле кайыш батинкелерин, кооз кийим, идиш-аягын элестетчү экенбиз. Анын укмуштай кооз жерлерин кыйла кыдырып, ал жердеги жашоо-турмушту көрүп, «эмнеликтен биз андайга жете албайбыз» деген суроо менен жатаканабызга кайтчубуз.

Анан Бишкекке кайтарда олчойгон жүктү сүйрөп, жүдөп-какап келчүбүз. Алып келгенибиз чехтер тиккен кийим-кечек, жасап чыгарган идиш-аяктар болор эле.

Ошондой үйгө алып кетчү жүктүн камылгасы менен жүргөн күндөрдүн биринде чоң аянтты кыдырып тамак ичели деп бир жерге барсак орун жок, эл жыкжыйма. Анан жертөлөдөгү бир жерден тамак ичмей болуп калдык. Отуруп «эмне жейбиз» менен жылтырак кагазына үңүлүп атын укканыбыз менен өзүн жакшы тааный элек - биздин түштүктө «гөшнан» деп коёт - «пиццаны» алмай болдук.

Чехче билбейбиз, орусчаны ал жердегилер негедир жактырышпайт, айла жок англисче эптеп түшүндүрдүк окшойт. «То» деп коюп таңкалыштуу карап алып кеткен. Анан бир убакта эки тамак апкелгич кайкалаган чоң табакка эки пицца апкелип, столго коюп чыгып кетишти. Менин кабагым мунусу эми канча акча болот экенге такалып чытыла түшкөнүн Бүбүкан байкап калды окшойт. «Байке, мен төлөйм» деп калды. «Жок, мен төлөйм» деп, аягында тең төлөмөй болдук. Кийин билсек ал пиццаны каалаганча жеп, калганын идишке салдырып кетсек деле болмок экен. Байкуш пицца кыйла жыл эстеген сайын күлкүгө эрмек болуп берди. Ал эми Кыргызстанды эмгек жамааты менен чогуу кыдырган учурларчы. Баары кийин эскермеде гана калат экен.

Бүбүкан үй-бүлөсүнө камкор эне, Калык досумдун жаркылдаган ачык, шайыр жары эле. Адамдын көңүлүн оорутпаган, өмүрүн арнаган кесибин бийик деңгээлге чыгарган интеллектуал эле. Эми анын баары Бүбүкандын экинчи өмүрүн улантат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG