Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

АӨБ Кыргызстанга автобус алуу үчүн 50,65 миллион доллар берет


Бишкектин көчөсүндөгү автобус. 2020-жыл.
Бишкектин көчөсүндөгү автобус. 2020-жыл.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга электр кубаты менен жүргөн автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50,65 миллион доллар берет. Анын 25 миллион доллары насыя, 25 миллион доллары грант. Ошондой эле Жогорку технологиялар паркына 650 миң доллар каралган.

Долбоордон алкагында эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустар сатып алынат. Эки троллейбус автобазасы модернизациядан өтөт.

Азия өнүктүрүү банкы транспорт тармагы Бишкектин абасын булгоочу негизги булактардын бири экенин билдирди. Өлкөдөгү парник газдарынын эмиссиясынын 28% транспорт каражаттары түзөт.

Кыргызстан 1994-жылдан бери Азия өнүктүрүү банкынан 1,3 миллиард доллардан ашык насыя, 811 миллион доллар грант жана 69 миллион долларга техникалык жардам алды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG