Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

ЖК: шайлоо боюнча Боршайкомдун маалыматын угуу сунушу берилди


Жогорку Кеңеш. 1-декабрь, 2021-жыл.
Жогорку Кеңеш. 1-декабрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында парламенттик шайлоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматын угуу боюнча бир катар депутаттар сунуш берди.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө канааттандырарлык түшүндүрмө берилбей, бюллетендерди кол менен саноодо шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо аракети болуп жатканын билдирди. Ушул эле фракциянын мүчөсү Айбек Осмонов да шайлоо маселесин көтөрүп буларга токтолду.

“Биз БШКнын бардык мүчөлөрүн чакырышыбыз керек. Социалдык тармактарда шайлоо кандай талкууланып жатканын көрүп атасыңар. Ушул күнгө чейин мындай таза шайлоо болгон эмес. Муну таанышыбыз керек. Бирок кемчиликтери да болду”.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Ушул күндөрү добуштарды кол менен саноо уланып жатат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну “көз боёмочулук” деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) система адистердин техникалык катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG