Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

"Омикрондун" айынан бир катар өлкөлөр чектөөлөрдү киргизди


Чек аралар жабылып, аэропортто калган жүргүнчү. 28-ноябрь, 2021-жыл. Йоханнесбург. Түштүк Африка.
Чек аралар жабылып, аэропортто калган жүргүнчү. 28-ноябрь, 2021-жыл. Йоханнесбург. Түштүк Африка.

Коронавирустун "омикрон" деген жаңы түрүнө байланыштуу бир катар мамлекеттер чек арадан кирүү эрежелерин катаалдаштырууда. Гонконг менен Жапония каттамдарга чектөө киргизерин жарыялашса, АКШ учак менен келгендердин баарынан ПЧР-тесттин жыйынтыгын талап кылат.

Американын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 30-ноябрда билдиргендей, учурда тест тапшыруу протоколдорун өзгөртүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат.

Президент Жо Байден 2-декабрда кыш мезгилинде коронавируска каршы күрөшүү планын жарыялары күтүлүп жатат.

Буга чейин Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму каттамдарды чектеп, чек араларды жабуу вирустун жайылышын ооздуктабай, тескерисинче экономикалык жактан сокку урушу мүмкүн экенин эскерткен.

Азырынча 20дан ашуун мамлекетте аныкталган коронавирустун жаңы түрү канчалык жугуштуу экени белгисиз. Ошондой эле, азыркы вакциналар андан канчалык коргой алары да билине элек.

30-ноябрда Саламаттык сактоо уюму коомчулукту вакцина алууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG