Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ишкер аялдар үчүн устат-шакирт программасы жарыяланды


Программанын катышуучулары.
Программанын катышуучулары.

Кыргызстанда бизнеске жаңы аралашып, жардамга муктаж болуп жаткан аялдардан атайын долбоорго катышуу үчүн арыз кабыл алуу жүрүп жатат. Бул туралуу 1-декабрда “Азаттыкка” “Бизнестеги айымдар” программасынан кабарлашты.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен “Курак” аялдар форуму биргеликте ишке ашырып жаткан бул программа алкагында тажрыйбалуу ишкерлер жана ишкерликке жаңыдан гана аралашып жаткан аялдар тандалып алынат. Бизнестин ысык-суугун башынан өткөрүп, ишин ийгиликтүү улантып жаткандар жаңы кадам таштагандарга насаатчы болуп, 10 ай бою чогуу иштешет.

Программанын катышуучулары.
Программанын катышуучулары.

Программанын адистеринин айтымында, бизнестин кайсы гана түрү болбосун, эгер насаатчысы, кеп-кеңешин айтып тургандары болбосо 80% бир жылга жетпей жабылып калат, ошондуктан насаатчылык өтө маанилүү.

Программага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү – 8-декабрь. Жыйынтыгы 15-декабрда жарыяланат. Анкетаны шилтеме (https://msto.me/card1636697185/) аркылуу толтурса болот.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аял ишкер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасап иштешет, кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG