Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар кайрадан митингге чыкты (видео)


БШКнын алдына митингге чыккан партиялардын өкүлдөрү. 1-декабрь, 2021-жыл.
БШКнын алдына митингге чыккан партиялардын өкүлдөрү. 1-декабрь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү кайрадан акцияга чыкты. Чогулгандар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан Клара Сооронкулова шайлоодо мүчүлүштүккө жол бергени үчүн БШКнын курамы толугу менен кетиши керектигин билдирди. Шайлоону уюштуруу жагын колго албаган өкмөттүн тарашын жана тийиштүү адамдарды жоопко тартуу талабы айтылып жатканын кошумчалады.

Ал ушуга байланыштуу меморандум бүгүн, 1-декабрдагы митинг учурунда жарыяланарын айтты. Азырынча акцияга шайлоодо өтпөй калган партиялардын лидерлери келе элек.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

29-ноябрда Бишкекте “Ата Мекен”, Социал-Демократтар, “Азаттык” жана “Улуттар Биримдиги” партияларынын өкүлдөрү чукул маалымат жыйын өткөрүп, күндүз БШКнын алдында нааразычылык акциясына чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

БШК учурда жыйынтыктарды кол менен санап жатат. Саат 14:00гө карата добуштардын 41% эсептелип бүттү. Кол санак 2-3 күнгө созула турганын, толук жыйынтык ошондон кийин гана чыга турганын билдирген.

БШКнын алдындагы митинг. 1-декабрь.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG