Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Шайлдабекова бюллетендерди кол менен саноо аяктаганын билдирди


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоодогу бюллетендерди кол менен саноо бардык добушканаларда жыйынтыкталганын билдирди.

Бул тууралуу ал 1-декабрда Боршайкомдо шайлоо күнү БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйында айтты. Ага саясий иш-чарага катышкан партиялардын мүчөлөрү, бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышкан айрым талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

«Кол менен саноонун жыйынтыктары жана бардык округдардан алынган маалыматтар системага киргизилет. Ошондуктан буга бир нече убакыт керек. Анткени жаңы система менен ар бир участоктон бир эмес 23 протокол киргизилет. Бюллетендерди кол менен саноо аяктады. Бирок протоколдор киргизиле элек. Бирдиктүү округ боюнча 40%, 21 бир мандаттуу округдан 100% системага киргизилди».

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Айрым партиялар, шайлоого катышкан кээ бир талапкерлер бюллетендерди кол менен саноо создугуп жатканын айтып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланууда деп күмөн санашууда.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG