Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Киев НАТОну Москвага каршы санкцияларды даярдап коюуга чакырды


Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Украина НАТОну Киев менен аскердик кызматташууну күчөтүп, Орусияга каршы санкцияларды даярдап коюуга чакырды.

Украинанын чек арасына жакын жерде орус аскерлеринин топтолушу тынчсыздануу жаратып жаткан чакта аскердик альянска мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Латвияга чогулушту.

«Биз бардык өнөктөштөрүбүздү орустарды ооздуктоочу чаралардын пакетин даярдоодо Украинага кошулууга чакырабыз»,-деди украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 1-декабрда. Ал ошондой эле Орусия «эң жаман сценарийди тандай турган болсо», НАТО Киев менен аскердик жана коргонуу жаатындагы кызматташуусун күчөтүүсү зарыл экенин кошумчалады.

Жыйындын биринчи күнүндө альянска мүчө 30 мамлекеттин министрлери эгер Москва Киевге каршы жаңы аскердик агрессиясын баштай турган болсо, кесепети оор болоорун эскертишти. Ал эми Москва НАТОну «кызыл чектен» өтпөөгө чакырды.

Москва Украинанын НАТОго мүчө болуу аракетине каршылык билдирип келет. Киев маалымдагандай, Орусия Украинанын чек арасына жакын он миңдеген аскерди жана оор аскердик техниканы топтогон. Мындан улам украин бийлиги аскердик кол салуу коркунучу бардыгын айтууда. Москва мындай дооматтарды четке кагып, Киев менен анын батышдагы өнөктөштөрүн чыңалууну күчөттү деп күнөөлөп жатат.

Орусия Украинага караштуу Крым аралын 2014-жылы басып алып, өлкө чыгышындагы москвачыл жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин жети жылдан бери уланып жаткан салгылашууларынан 13 200 дөй адам көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG