Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

"Омикрон" штаммы: Кыргызстан чектөөлөрдү киргизди


Бишкектеги ооруканалардын бири. 19-май, 2021-жыл.
Бишкектеги ооруканалардын бири. 19-май, 2021-жыл.

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын жаңы "Омикрон" штаммы чыкканына байланыштуу Кыргызстан 1-декабрдан тарта чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Ошондой эле инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө коронавирустун жаңы "Омикрон" штаммы катталганына байланыштуу Министрлер кабинети Кыргызстанга кирүүдө бир катар чектөөлөрдү киргизди. Жаңы штамм аныкталган өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат.

"Министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө максатында 1-декабрдан тарта чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкө аймагына кирүү үчүн эмделгенине карабастан, милдеттүү тартипте ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек", - деп Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

29-ноябрга карата алынган маалыматтарга ылайык, "Омикрон" Австралия, Белгия, Ботсвана, Британия, Дания, Германия, Гонконг, Израил, Италия, Нидерланд, Франция, Түштүк Африка жана Канадада аныкталган.

Жапон бийлиги "Омикрон" штаммына байланыштуу 30-ноябрдан тартып бардык чет өлкөлүктөргө чек арасын жапты. Ушундай эле кадамга Израил дагы барды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирустун "Омикрон" түрү тез жайылат. Уюм вирустун структурасындагы мутацияга көңүл буруп, ал азыркы вакциналарды тоготпой коюшу ыктымал экенин белгилеген.

Коронавирустун жаңы штаммы чыкканына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси менен чукул консультация өткөрдү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан, инфекциянын таралышынын алдын алуу максатында эмдөөнү тездетүү зарылдыгын айткан.

Министрлер кабинети жүргүзгөн анализге ылайык акыркы айларда коронавирустан көз жумган адамдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөн адамдар экени белгилүү болгон.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Биз талдоо жүргүздүк жана акыркы айларда вакцина албагандардын арасында өлүмдөр катталып жаткандыгына так далилдерди алдык. Вакцина аркылуу өмүрлөр сакталып, оору жуккан күндө да ал жеңил формада өтөт", - деди Эдил Байсалов.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Асел Акымбекова өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, жаңы штаммдын чыгышына байланыштуу даярдык көрүлүп жатканын билдирди.

"Учурда Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу. Күн сайын 60-70 кишиге жугуп жатат. Эң көп Чүй облусу жана Бишкек шаарында катталууда. Каза болгон адамдардын бардыгы эмдөөдөн өтпөгөндөр. Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмасы менен жаңы штаммга байланыштуу бардык даярдыктар көрүлүүдө".

Саламаттык сактоо министрлиги калктын 40% коронавируска каршы эмделгенин билдирди. Өткөн бир сутка 10 260 адам эмделди.

Адистер коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши, тагыраагы 18 жаштан жогорку жарандардын 70% толук эмделиши зарылдыгын айтышат.

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Андан тышкары борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасы сайылууда. Коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinopharm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Борбор калаадагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгеринин орун басары Аиза Солтогулова акыркы убакта эмдөөдөн өтүүнү каалаган адамдар көбөйгөнүн айтат.

"Жайында күнүнө 400гө чейин кишини эмдеп жатканбыз. Азыр жайга салыштырмалуу азыраак. Бирок вакцинанын түрү көбөйдү. Учурда эмдөөдөн өтүүнү каалаган адамдар көбөйүп, күн сайын 100гө чейин жетүүдө".

30-ноябрга карата Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 351 адам болду, 2 746 киши көз жумду. Вирустан жалпы 178 230 бейтап сакайып чыкты.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG