Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду


Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болду. Бул тууралуу саясатчы "Жалбырак ТВ" медиасынын "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде билдирди. Ал кол салгандар уюк телефону менен көз айнегин тартып алганын айтты.

"Бийлик буларды таап камабаса, шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт", - деди Текебаев.

Ал бул окуяны саясий ишмердиги менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого "Ата Мекен" партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө тобу барды. Бийлик өкүлдөрү кол салууну айыптаган билдирүүлөрдү таратууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттер" баракчасына "Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок" экенин жазды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG