Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Президент Садыр Жапаров Текебаев кабылган окуяны иликтөөнү тапшырды


Текебаев жана Жапаров. Коллаж.
Текебаев жана Жапаров. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров "Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кабылган окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

"Ар бир жаран макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар. Ички иштер министрлиги өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү", - деп кабарлады президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгону айтылган. Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын адамдын эки-үчөө аны ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев бул окуяны муну "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Милиция саясатчыга кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG