Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Качкындар агенттиги Ооганстан менен чек араларды ачууга чакырды


Ирандагы ооганстандык качкындар.
Ирандагы ооганстандык качкындар.

Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Ооганстан менен кошуна мамлекеттерди бозгундарга чек араларын ачууга чакырды. Иран менен Пакистан азыркы учурда тиешелүү документтери жана визалары бар качкындарды гана киргизип жатат. Ал эми Тажикстан менен Өзбекстандын чек аралары толук жабык. Бул тууралуу агенттик 1-декабрда билдирди.

Ошондой эле агенттик Ооганстандагы кыз-келиндердин билим алуусунун чектелиши, диний жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнө кол салуулар жана укук коргоочу активисттерди коркутуп-үркүтүүлөр күч алганын белгилеген.

Билдирүүдө буга чейин кирген качкындарды күчтөп Ооганстанга кайтарууну токтотууга чакырык ташталган. Маалыматтарга караганда, август айынан ноябрга чейин Иран күнүнө орто эсеп менен 3000дей оогандыкты артка кайтарган. Ал эми Пакистан 1800дөй оогандык качкынды депортациялаган.

Соңку бир айда Тажикстандан 23 оогандык кайтарылган. БУУнун маалыматына таянсак, Ооганстан гуманитардык апааттын алдында турат жана калктын теңи кышында ачка калышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG