Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Текебаев өзүнө кол салуунун "саясий мотиви" бар экенин айтты


Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага кол салгандарды бийлик, президент Садыр Жапаров табышы керектигин, бул өлкө башчы үчүн намыстын иши экенин билдирди. Бул тууралуу ал окуя болгон жерде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эртең менен эле Чүйдүн тургундары чогулуп жатканы, алардын бир тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына барары кабарланып жатканын кошумчалады.

“Бул саясий террор. Саясий мотив менен адамга кол салып уурдап кеткенге аракет кылышты. Эгерде алар уурдап кетип тоого алып барышса эмне болмок, айтыш кыйын. Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты ушундай. Президенти коркутту, УКМКсы коркутту”.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болду. Анын сөзүнө караганда, үч маршрутка менен 70ке жакын адам барып эки-үчөө ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Ал муну сасий ишмердиги, шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарынан комментарий боло элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттерге" "Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок" экенин жазды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG