Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Байсалов: Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонуна байланыштуу пикирин "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал "Азыр эле "Парк отелде" Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонун кабарлашты. Кандайдыр бир топтун аны уруп-сабоого аракет кылыш биздин маданиятыбызга таптакыр жат көрүнүш. Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок", - деп жазды.


Бир аз мурдарак "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгонун саясатчы "Жалбырак ТВ" медиасынын "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде билдирген. Ал кол салгандар уюк телефону менен көз айнегин алып кеткенин айтты.

Саясатчынын айтымында, үч маршрутка менен 70ке жакын адам барып эки-үчөө ур-токмокко алган. Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырды. Учурда окуя болгон жерге тергөө тобу барды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого "Ата Мекен" партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы боюнча "Ата Мекен" шайлоочулардын 3,5 пайыздан ашуун добушун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG